Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:10

ЫСЫККӨЛ: ЭГИНДИН ТҮШҮМҮ БЫЛТЫРКЫДАН АЗЫРААК


Рита Борбукеева, Ысыккөл Ысыккөл облусунда эгиндин түшүмү быйыл мурдагыга карагында төрт центнерге аз болду. Адистердин айтуусунда, кургакчылыктан экинчи чабык болбой, чыктуу тоют дагы 20 пайызга аз жыйналган.

Ысыккөлдүктөр быйыл эгинге караганда картошкага басым жасап, анын аянтын өткөн жылдагыдан 2 жарым миң гектарга көбөйткөн. Ошондуктан жазгы дан эгиндери эки миң гектарга аз айдалган. Учурда оруп-жыйуунун 64 пайызы аяктаганын билдирген облустук айыл чарба башкармасы Жолдошбек Байсейитов быйылкы түшүмдүн азайып кеткен себептерин мындайча чечмеледи:

- Быйыл түшүм аз болуп калды. Көп жылдык чөптүн экинчи чабыгы көп жерде жок. Буга эки себеп болду. Биринчи себеби, май айында Жетиөгүз, Аксуу, Түп райондорунда мөндүр түшүп, жаңы өнүп келаткан жаздык буудайларды, чөптөрдү уруп кетти. Эгин боюнча былтыркы жылга салыштырмалуу 4 центнерге ылдый келатабыз.

Быйыл дыйкандар үчүн өкмөттөн 600 тонна күйүүчү май 17 сомдон бөлүнгөн. Бул жеңилдикти дыйкандар кантип пайдалангандыгы жөнүндө айдоо аянттарда иштеп жүргөндөрдөн сураштырганыбызда, андай мүмкүнчүлүк болбогонун белгилешти:

- Күйүүчү май канчадан келгенин билбейт экемин. Мен жерим жеке менчик. Бизге күйүүчү май берилген жок. Комбайнга 600 сомдон төлөйм. Кээде күйүүчү май жок болуп калат, - деди Түп районунун дыйканы Асылбек Курманов.

Григорьевка айылынын тургуну Нурлан Карыпов көп жылдык чөптүн экинчи чабыгынан кур калганын айтты.

XS
SM
MD
LG