Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

ДНЕСТР БОЮНДАГЫЛАР ОРУСИЯГА КОШУЛУУГА МАКУЛ


Жекшемби күнү Днестр боюндагы өзүн жумуриятмын деп атаган өлкөдө референдум өттү. Анын жыйынтыгында Орусиянын составына кошуласыңарбы деген суроого оң жооп алынганы айтылууда. Батыш өлкөлөрү, ОБСЕ жана башка эл арлык уюмдар референдумдун өткөрүлүшү мыйзамга ылайык келбейт деп анын жыйынтыгын четке кагышууда. Орусиянын кайсы бир саясий төбөлөрү бийликти таанылбаган жумурияттарда өткөрүлгөн референдум жыйынтыгын таанууга чакырышууда. Ал өлкөлөрдүн көзкарандысыздыгын таануу - мурдагы советтик чектеги өлкөлөрдү кайрадан кызматташ болууга мажбур кылат дешет.

Элүү миңдей калкы бар Днестрдин сол жээгиндеги өлкө Советтер Союзу тарап атканда Молдованы чанып, кан төгүшүүгө дейре барып, акыры Кишиневге баш ийбей калган. Абхазия менен Түштүк Осетиянын да Грузияга баш ийбей калганы ошол жылдары болгон.

«СССР бар кездеги баралыбызга кайра келишибиз керек. Немистердин кайра кошулушу, а корейлердин кошулган атышы буга мисал. Алдыда качандыр советтик болуп турган элдер кайра кошулушу болот» деп жазат «Независимая газета».

«Азыркы тушта ири мамлекеттердин өздөрүн мамлекетпиз деп алышкан алакандай өлкөлөргө карата атаандаштыгы башталган. Ал «жер үчүн эмес, ал жерлерде жашаган эл үчүн болуп атат. Кийин аларды окутуп, кайра тарбиялап туруп өзүнө өнөк кылып алуу үчүн атаандашып атышат», - деп жазат Михаил Делягин.

Ошондуктан мурдагы советтик чекте жайгашкан «таанылбаган мамлекеттерди» Орусия токтоосуз кабылдашы керек деп жазат. Мурдагы (советтик – ММ) бир элди кайра жыйноо кыйлада ишке ашчу көрүнүш. Бирок, анын биринчи кадамы «Абхазия, Түштүк Осетия жана Приднестровьени таануу аркылуу башталышы керек», - деп айтылат.

17-сентябрде Днестр дайранын сол жээгинде өткөн сурамжылоону, куду башка таанылбаган жумурияттар өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыгындай беймыйзам деп таап атат дешет. Бул ойду бышыктаган жоопту Евробиримдигинин Молдовадагы атайын өкүлү Адриан Сегад айткан:

«Днестр боюнда жашагандар Молдовага кошулууга көөнү жок дегенге менин күмөнүм бар. Эмне дегенде өткөрүлгөн референдумду демократиялык жолдо өттү дешке мүмкүн эмес», - деди.

«Панарин ком» сайты мурдагы советтер жеринде «2014-жылы Евразиялык Орусия аталышта ири мамлекет пайда болот. Ал 2008-жылы Орусия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Өзүбекстан, Тажикстан жана Армения биригишинен жаралат. 2010-жылы ага Монголия, Сербия, Македония, Греция жана Болгария кошулат», - деп ой жорутат. Бирок, орусиялык лидер андай кепти четке кагып келет.

«Орусия өзүнүн чегинен ары жаткан кандай гана жер болбосун аны Орусиялык мамлекеттин жерине кошуп алуу жөнүндө маселени эч убакта койгон эмес», -деген эле мамлекеттик сыналгыдан президент Путин ушул жылы 6-мартта.

Үч коңулдагы, ачык айтканда, Түштүк Осетия, Днестр боюнда жумурияттардын тургундарынын көпчүлүгү, ал эми Абхазиянын 90 пайыздан көп тургундары Орусиянын атуулдугуна алынган.


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG