Шанхай шаарында 22-23-сентябрда өтө турган жыйынга Кыргызстан Жогорку Сотунун төрагасы Курманбек Осмонов катышат. Бул тууралуу ШКУдагы Кыргызстандын улуттук координатору Төлөндү Макеев билдирди. Маалыматка караганда, жыйында сот органдарынын ортосундагы кызматташуу, өлкөлөрдүн мыйзамдарын жакындаштыруу маселелери талкууланат.