Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:54

ЖАҢЫРГАН АПТАНЫН МАДАНИЙ АФИШАСЫ


“Нукура кыргыз” теледолбоорунун сыйлыктары тапшырылат

Сыйлыктар 20-21-сентябрда Кожомкул атындагы спорт сарайында тапшырылат. Долбоордун жетекчиси Айдай Чотуеванын билдиргенине караганда салтанаттын программасы эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө долбоордун катышуучулары өнөрлөрүн көрсөтүшөт, экинчи бөлүгүндө Алина Жетигенова, Гүлнур Сатылганова баштаган эстрада чеберлеринин концерти болот.

“Керемет үкөк” уктуруусунун мурунку чыгарылыштарында айтылып кеткендей “Нукура кыргыз” долбооруна ар кайсы тармакта эмгектенген адамдардан жыйырма катышуучу тандалып алынып, алар жайлоого чыгышып, ал жакта эки жума болушту. Бул күндөр аралыгында байыркы кыргыз элинин салт-санаа, үрп-адаттарына ылайык иштерди жасашты. Мына ошол катышуучулардын жөндөмдүүлүгүнө карата тандалып-тандалып олтуруп, аягында үч жеңүүчү аныкталган. Спорт ордосунда өтүүчү салтанатта мына ошол жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат. Алсак биринчи орунга элүү миң сом, экинчи орунга отуз миң, үчүнчү орунга 20 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар ыйгарылат. Бул долбоордо алгач баш байге гана белгиленип, бир гана жеңүүчү аныкталып, ошол адамга 100 миң сом ыйгарылмак болгон, бирок катышуучулардын сунушу менен ал 100миң сом үчкө бөлүнгөн.

Ал эми долбоордун катышуучуларынын айрымдарынын атын атай кетсек белгилүү манасчы Рыспай Исаков, акын Муратбек Рысбеков, эстрада ырчылары Райхан Абдувалиева, Дилбар Раимбекова жана башкалар. Мына ушулардын арасында ким байгеге татыктуу болгону 20-21-сентябрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда аныкталмакчы.

“Ырдайлы кыргыз ырларын” аттуу фестиваль өтөт

Ага Кыргызстанда жашап жатышкан кыргыз тилинде ырдай билген башка улуттун өкүлдөрү катышат. Иш-чаранын талабына ылайык катышуучулар музыкалык аспапта ойноп, кыргыз элинин улуттук бийлерин бийлеп, элдик эпостордон үзүндү аткаруу менен бирге элдик ырлардан ырдашат. Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын демилгеси менен өткөрүлүп жаткан бул фестивалдын баш байгеси 100 миң сом деп кабарлады иш-чаранын көркөм жетекчиси Юрий Бобков.

23-сентябрда улуттук радио жетимиш беш жылдык мааракесин белгилейт

Бул мааракенин программасы туурасында Улуттук телерадиокомпаниянын жетекчиси Кыяс Молдокасымов мындай деди:

-Бул күнү Кыргыз республикасынын президенти Курманбек Бакиев мамлекеттик телерадиокомпаниядагы бир жыл ичинде жасалган жаңы өзгөрүүлөр менен таанышат. Андан соң филармонияда эмгек жамааттын, жалпы радио күйөрмандардын катышуусунда чоң жыйын өтөт. Мына ошол жыйында кыргыз радиосунун көрүнүктүү ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылат. Бул иш-чара концерт менен коштолот.

Шакен Мамбетаипованын чыгармачылыгынын көргөзмөсү

Г.Айтиев атындагы сүрөт музейинде өтүп жаткан кыргыздын таланттуу сүрөтчү кыздарынын бири, маркум Шакен Мамбетаипованын чыгармачылыгын чагылдырган көргөзмө бул жумада да уланат. Бул көргөзмөдө Шакен Мамбетаипованын чебер колунан жаралган улуттук буюмдарды жана кыл калеминен жаралган сүрөттөрү коюлган.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG