Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

ФУТБОЛ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕМПИОНУ 21-ОКТЯБРДА АНЫКТАЛАТ


Кабыл Макеш,Бишкек Кыргызстандын футбол боюнча 15-чемпионатынын биринчи айлампасы Түндүк жана Түштүк аймактарындагы беттешүүлөр соңуна чыгып, Жогорку лигада финалдык таймашуулар башталды.

Кыргызстандын чемпионатында финалдык мелдештери башталды. Каражатты үнөмдөө максатында Түштүк жана Түндүк аймактарында өткөн оюндардын жыйынтыгы боюнча үчтөн команда чыгышмак. Бирок, дагы эле кендирди кескен каражаттын айынан жылдагыдай айрым командалар чемпионаттын аягына чыкпай калышууда.

Быйыл эми Түштүк аймагында үчүнчү орунду ээлеген Кызылкыянын «Шахтер» командасы каражаттын жоктугунан финалдык мелдешти улантуудан баш тартыптыр. Алардын ордуна Түндүк аймагында төртүнчү орунду ээлеген Бишкектин «Шер-Акдан» командасы финалда ойноп жатат. Бирок алардын да башкы машыктыруучусу Руслан Аджиевдин кайда кеткени белгисиз, оюнчулар команданын жетекчиси Айбек Осмоналиевдин демилгеси менен өздөрү эле машыгып, ойноого аргасыз болууда.

Быйыл футбол боюнча Жогорку лигада 11 команда чемпионаттын баштаганы менен каражаттын айынан көбү марага жетпей калганын өлкөнүн футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Дастан Конокбаев айтты.

-Быйыл Түндүк жана Түштүк аймактарга бөлүп өткөрүп жаткан себебибиз, каражат маселесин үнөмдөөгө жана жергиликтүү калк арасында футболдун өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болду. Биринчи айлампада эки аймактан иргелип тандалган, көп упай топтоого жетишкен үчтөн команда экинчи айлампада Супер лигада чемпиондук үчүн күч сынашып жатат. Алар 10 тур беттешүүнү өткөрүп, көп упай топтогону жеңүүчү аталат. Кыргыз футболун колдоого алган ишкерлер өтө аз болууда.

Ал эми эки айлампада өтүүчү финалдык таймашуулардын алгачкы оюндарында Карасуунун «Жаштык-Ак-Алтын» командасы Чүй, Бишкекке келип жакшы ийгиликке жетип, үч оюнда 7 упайга ээ болгон. Бирок, төртүнчү турда карасуулуктар өлкөнүн эки жолку чемпиону Нарындын «Дордой» командасына чоң эсеп менен утулуп калышты. Ошондой эле «Алай» да түндүктө өтүп жаткан оюндарда үч жолу утулуп, болгону бир эле упайга ээ болду.

Чемпиондукка талапкер командабыздын бири Канттын «Абдыш-Атасы» өз талаасында «Алай» менен «Мурас-Спортту» жеңип, «Жаштык-Акалтын» менен тең чыкты.

Ал эми финалдык беттешүүлөрдү кечирээк баштаган Нарындын «Дордой-Динамосу» эки оюн өткөрүп, атаандаштарын эки жолу чоң эсеп менен утту. Алар Оштун «Алай» менен Карасуунун «Жаштык-Ак-Алтын» командаларын жеңип, нарындыктар быйыл да баш байгеге негизги талапкер болуп жатышат.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун айтымында жылдан жылга кыргыз футболунун деңгээли төмөндөп баратат. Өкмөттүк деңгээлде камкордук көрүлбөгөндүктөн командалардын каражаты жетишпей марадан чыгып калууда. Мыкты футболчулар коңшу өлкөлөргө кетип калса да алар үчүн компенцая төлөнбөйт. Футбол федерациясынын иш- аракетин реформалап жана чемпионатты өткөрүүнүн системасын өзгөртүү керек.

Кыргызстандын футбол чемпионатында Жогорку Лигада мурда 14 –12 командалар ат салышып келсе , быйыл 11 команда гана ойногон. Кыргыз футболунун башаты болуп келген «Алга» , «Алай -Гүлчө» , «Семетей» , «Спартак», «Ротор», «Достук» командалардын аты да, заты да жоголду. Мурда завод-фабрикалар кармап келген «Химик», «Инструментальшик», «Сельмашевец» , «Шахтер», «Нефтчи» командаларынын кендири эбак кесилген.
12 жыл мурда таскагы катуу чыгып, эки жолу Кыргызстандын чемпиондугун жеңип алган «Кант-Ойл» дагы тарап, мыкты оюнчулары Орусия жана Казакстанда ойноп жүрүшөт. Алардан кийин лидер болгон «АиК» командасы да алыска узабады. 3 жыл катары менен Кыргызстандын чемпиону болгон Бишкектин «Динамосу» Өмүрбек Кутуев Ички иштер министрлигинен кеткенден бери баш көтөрө албай калды. Бишкектеги абадан коргонуу аскер бөлүгүнүн «СКА ПВО» командасы Кыргызстандын чемпиондугун үчүнчү ирет жеңип алганы менен тарап кетишти.

Быйылкы чемпионата атаандаштарынын дарбазасына көп топ киргизген Канттын «Абдыш ата» командасынын чабуулчусу Вячеслав Прянишников болууда. Анын эсебинде 21 топ бар. Ал эми былтыр мыкты оюнчу аталган Карасуунун “Жаштык-Акалтын” командасынын чабуулчусу Евгений Болдыгин 19 топ киргизүүгө үлгүрдү. 15-футбол чемпионатынын жеңүүчүлөрү 21-октябрда аныкталат.
XS
SM
MD
LG