Мындай маалыматты Нарындагы Мурат Субакожоев атындагы кыргыз-түрк лицейинин директору Халил Коч билдирди. Аталган лицейдин 11-классынын окуучусу Кыдыр уулу Эсенбек 13-20-августта Мексиканын Мерида шаарында өткөн компьютер сабагы боюнча XVIII эл аралык олимпиадада 330 балл алып, 4 орунду камсыз кылды. Үчүнчү орун үчүн ага 16 гана балл жетпей калган. Бул олимпиадага дүйнөнүн ар өлкөсүнөн 284 бала катышкан.
Жаркын Ибраева
Жаркын Ибраева