Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

19-СЕНТЯБРЬ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1930-жылдын 19-сентябрында Кыргыз АССРинде милдеттүү баштапкы билим берүү киргизилген. 1934-жылдын бу күнү Кыргыз илим-изилдөө институту «Кыргыз фольклорунун жыйнагын» топтой баштаган.

1886-жылы Пишпек почтасынын даражасы жогорулап, жалпы империялык статус алган. Уезд-шаардык почта мурдагы Ташкен, азыркы Жибек жолу проспектисинде орун алып, анын жаңы статусуна жараша телеграф аппараты менен жабдылып, эми ал Пишпек почта-телеграф конторасы аталган.

1920-жылдын бу күнү Түркстан АССР советинин IX съезди ишин баштады.

1930-жылдын 19-сентябрында Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитети менен Эл комиссарлар кеңеши биргелешип «Кыргыз АССРинде милдеттүү баштапкы билим берүүнү киргизүү туурасында» Токтом кабыл алды. Токтомдо каралгандай өлкө аймагында 8ден 14 жашка чейинки жеткинчектер милдеттүү түрдө башталгыч билим алышып, аларга билим берчү мугалимдер контингентин даярдоо маселелери каралган. Мындан тышкаары, балдарды сабаттуу окутуу үчүн мектеп имараттарын даярдоо жагы да чечилген.

1934-жылдын бу күнү Кыргыз илим-изилдөө институту «Кыргыз фольклорунун жыйнагын» топтой баштаган. Жыйнак Орто Азия республикаларынын өз алдынча бөлүнүшүнүн он жылдыгына арналган. Анын «Падышалык колонизаторлордун Кыргызстан аймагын басып алышы» бөлүмүн Тойчинов, «Кыргызстандын үч кабат эзилиши» бөлүмүн Жолдошев топтопгон. Көп өпөй алардын көпчүлүгү «эл душмандары» атыгып атылып кетишине байланыштуу, жарык көргөн китеп библиографиялык таңсык чыгармага айланган.

2003-жылдын бу күнү, Европа парламенти абактагы «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловду айтылуу илимпоз, укук коргоочу Андрей Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөткөндүгү белгилүү болду.


2005-жылдын бу күнү мамлекет башчынын жардыгы менен башкы прокурор А. Бекназаров кызматынан бошотулду.

2005-жылдын 19-сентябрында парламент Жогорку Кеңеш депутаты Айдар Акаевди кол тийбес иммунитетинен ажыратты.

Бу күнү, Леонардо да Винчи «Моно Лизаны» тартып бүтүп, 1957-жылы Невада полигонунда биринчи ядролук жардыруу жасалып, 1839-жылы америкалык ишкер, ири шоколад фирмасын ачкан Джордж Кэдбери, англис жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Уильям Голдинг, 1939-жылы кыргыз саясатчысы, 1986-1990-жылдары Кыргыз ССР Министрлер советинин төрагасы, кийин эгемен Кыргызстандын узак жылдар бою өкмөт башчылык кызматын аткарган Апас Жумагулов жарык дүйнөгө келсе, 1978-жылы жазуучу Акматбек Солтобаев жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG