Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

ДИНИЙ ИШЕНИМ ЖАНА АНЫН СЕБЕБИ ЭКИ БАШКА


Папа Бенедикттин ислам тууралуу айткандарынын тегерегинде мусулман дүйнөсүн аралаган ызы-чуу али басыла элек. Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи Рим папасынын ал сөздөрүн мусулмандарга каршы “аламан жүрүш” деп атады. Папа Бенедикт мусулмандарды нааразы кылган сөздөрү үчүн терең өкүнүп калганын билдирген. Католиктердин лидеринин ислам тууралуу айткандарынын маани-маңызын түшүнүү максатында “Азаттыктын” кабарчысы Жеффри Донован Ватикандын мурдагы өкүлү Кишоре Жайабаланды кепке тарткан.

Ватикандык айрым байкоочулар Папа Бенедикттин ислам тууралуу айткандары христиан дини менен исламдын ортосундагы мамилелерди 20 жыл мурунку акыбалга алып келди деген пикирде. Анткени мындан 20 жыл илгери, Италиянын Ассиси калаасында мурдагы Рим папасы Иоанн Павелдин демилгеси менен дүйнөлүк диндер аралык жолугушуу өткөн эле. Дал ошол жыйындан кийин ислам менен христиан дини ортосундагы алакалар жакшырып, жаңы деңгээлге көтөрүлгөн дешет серепчилер. Ватикандын Адилеттүүлүк жана бейпилдик кеңешинин мурдагы өкүлү Жайабалан бул пикирлер жөн жерден айтылган жок деп эсептейт.

- Бул жерде кандайдыр деңгээлде чындык бар, анткени дал ошол Ассисидеги жыйында алгачкы ирет байыстуу мусулман динаятчылары Ватикандын өкүлдөрү менен баарлашып, баары жайындагыдай сезилген эле. Мен да Ватиканда иштеп жүргөндө, Ирандык динаятчылар менен жолугушууга катышкам. Анда бир да киши дин менен кол салуулар, террорчулуктун тамырын бириктирүүгө батынган эмес. Папа Бенедикт да бул ирет диндер ортосундагы кайсыл айырмачылыктар динге негизденген террорчулукту жаратат деген маселени көтөргүсү келген. Ушул маселени талкуулгандын ордуна баары башкага өтүп кетишти, анткени комментарийлер абдан катаал мүнөздө айтылууда.

Папа Бенедикт чынында католиктер менен мусулмандар ортосундагы мамилени кандайча жакшыртмакчы болгон эле? Анын өткөн жума күнү Ватикандын ислам менен баарлашуу бөлүмүнүн башчысы Майкл Фицджеральдды кызматынан алып, бөлүмдү маданият министрлигине кошкону да сын пикирлер жаратууда – деген суроого ушу тапта Римдеги Дин жана эркиндикти изилдөө институтун жетектеп жаткан Жайабалан төмөндөгү жообун узаткан.

- Папа Бенедикт, мен түшүнгөндөй, диний ишеним, андагы кудайга, адамга болгон көз караштар ортосундагы айырмачылыкты аңдап-билүүгө аракет кылган. Эгерде кимдир бирөө сиздин динди бейсабырдуу, чагымчыл деп сыпаттаса, сиз ага каршы албууттанып, коркутууга чейин барсаңыз, анда ал кишинин айткандарын далилдегендей эле болосуз. Исламдын атын жамынып алып, опурталдуу теракттар жасалып жатканын көрүп турасыз. Ислам ал теракттарды колдобойт, бирок эмне үчүн диндин башкы мыйзамдары бузулуп, айрым мусулмандар ушундай ишке барып жатканын талдап-изилдөөдөн эч ким уттурбайт эле. Папа Бенедикттин башкы айтайын дегени – биздин диний ишенимибиз бири-бирибизди түшүнүүгө жол берет. Дин менен кол салуулар эч убакта бир багытта бара албайт, дин менен анын себептерин ажыратып караштыруу туура эмес, дал ушул жол динге негизделген кол салууларга алып барат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG