Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:21

ЖАШ КӨЧӨТ – ЭСКИ ПРОБЛЕМА


Көл кылаасында эс алуучулардын көбөйүшү экологиялык оор проблеманы жаратууда. Таман алдында тапталган токойду сактап калуунун жалгыз аргасы -этият мамиле, көчөт өстүрүүнү жайылтуу, токой аянтын кеңейтүү. Бирок да тигилген көчөттөрдүн көбү куурап, токой жылдан-жылга суюлуп баратат.

Көлдүн күңгөйүндөгү Григорьев, Семенов капчыгайларына быйыл эс алуучулар арбын келишти. Тоо-токойду өрдөгөн туристтердин көбөйүп баратышы экологиялык оор проблеманы жаратууда. Ысыккөл токой чарбасынын Григорев бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Кубат уулунун айтымында, быйылтан тарта жергиликтүү элдин жардамы менен токойду сактоо аракети көрүлө баштады.

Токой аралап, тоо кезип эс алууну жактырган туристтерге баш-көз болуп, аларга жол көрсөтүп, ошондой эле токойдун тазалыгын сактоо милдетин өзүнө алган жергиликтүү жаштар кыймылынын жетекчиси Эркин Карабеков тартип жагын көзөмөлдөйт.

Өрүктү көчөт өстүрүү участогунун башчысы Манап Талачиев кыргыздар көчөттү бекер алганды жакшы көрөт дейт.

Жети жылдан бери Ысыккөл токой чарбасы швейцариялык токой кызматташтыгы долбоору боюнча иштеп келатат. Чарбанын директору Бакытбек Мусабаевдин ырасташынча, бул иштин натыйжасы кандай болорун келечек көрсөтөт.

Токойду сактап калуунун ыңтайлуу жолу катары кийинки кездери Кыргызстанда швейцариялык программанын негизинде токой аянттарын узак мөөнөт ижарага берүү аракети башталды. Бирок да бул иш толгон-токой кыйынчылыктар менен коштолууда. Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак-жемиш токойлорун ижарага алуучулар арбын, анын үстүнө элдин көбү ал жерлерде токойдун ичинде жашайт.

Мурдагы колхоз-совхоздордун дыйкандары жер үлүшүнө ээ болуп, өз алдынча чарба жүргүзүүгө жетише алса, токой чарбасында иштегендер андай мүмкүнчүлүктөн куржалак калышкан. Ысыккөл токой чарбасында көчөт өстүрүүгө дурус дегидей көңүл бурулган. Бирок да өстүрүлгөн көчөттөрдүн арзандыгы, жумушчулардын айлык маянасынын өтөле төмөндүгү жалпы ишке кедергисин тийгизүүдө. Ага карабастан бул тармакта жаратылышты жанындай көргөн азаматтардын аракети менен токойдун эртеңкисине чоң камкордук көрүлүүдө. Адистердин айтуусунда, бүгүн жасалып жаткан иштердин кайрымжысы 20 – 30 жылдан кийин кайтат. Жасалып жаткан аракет, иш-максаттардын баары ушул ойго батырылган.

XS
SM
MD
LG