Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

КОФИ АННАН: ДҮЙНӨДӨ ДИНИЙ ЖАҢЫ СОГУШ ЧЫГЫШЫ ЫКТЫМАЛ


Улуттар Уюмунун баш катчысы кызматында Башкы ассамблеяда сүйлөгөн акыркы сөзүндө Кофи Аннан дүйнөдө диндер аралык согуш тутанып кетиши мүмкүн экенин эскертти. Эгер алтымыш жылдан бери уланып жаткан жөөт-палестин жаңжалы жакын аралыкта жөнгө салынбаса, Улуттар Уюмунун,Коопсуздук кеңешинин эч кандай кадыры калбайт, деп белгиледи Аннан. Иран президенти Махмуд Ахмединежад да Коопсуздук кеңешин АКШ менен Британиянын үстөмдүгүндө калды деп сынга алды.

Дүйнөлүк экономиканын адилетсиздигин, бүлгүндүү согуштарды, адам укуктары менен мыйзам улуктугу принциптери бардык жерде барк алынбай жатканын Кофи Аннан азыркы замандын алдында турган үч проблема деп атады. Глобализация процесси адамзатты бириктирбестен, кайра араздаштырып, улам барган сайын элдердин арасын алыстатып баратканына да Аннан дүйнөлүк коомчулуктун назарын бурду.

Буга кошуп Аннан азыркы дүйнөдө диндер ортосунда жаңы согуш коркунучу пайда болгонун белгиледи. “Цивилизациялардын кагылышы жөнүндөгү концепциянын түп негизин түзгөн жаңылыш көз караштар менен түшүнүктөр кеңири жайылып баратат. Өзүнөн башкалардын диний ишенимдери менен ыйык символдоруна аяр салбаган мамилени, атайылаппы же жокпу, айтор, жаңы диний согушту – бу жолу глобалдык масштабда - тутанткысы келгендер пайдаланып жатат”,- деп айтты Аннан.

Ушул аңытта Аннан жөөт-палестин жаңжалына басым жасап,аны дүйнөлүк коопсуздукка коркунуч туудурган башкы фактор катары өзгөчө бөлүп көрсөттү. Алтымыш жылдан бери басылбай келаткан бул жаңжалды жакын аралыкта жөнгө салуунун жолун таба албаса,анда Улуттар Уюмунун, айрыкча Коопсуздук кеңешинин эл аралык кадыры калбай калышы мүмкүн. Бул жаңжал басылмайынча башка чатактарды, алардын ичинде Ирактагы жана Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу аракеттерине каршылык көрсөтүү токтобойт, деп көрсөттү Аннан.

Коопсуздук кеңешин иран президенти Махмуд Ахмединежад да сынга алды. Ал баарыдан мурда Иран МАГАТЭнин мүчөсү экенин,ядролук технологияларды таркатпоо келишимин изден тайбай сактап келатканын эске салды. “Андай болсо биздин мыйзамдуу ушул укугубуз – атом энергиясын жайчылык максаттарга колдонуу мүдөөсү – эмне үчүн катуу каяшага туш болууда?” - деп собол койду иран президенти.

Ахмединежад Батыш өлкөлөрүн айыптап,алар ядролук энергетиканын үзүрүн көрүп жатканын, айрымдары атүгүл эбак эле ядролук бомба жасап алышканын, кай бирөөлөрү аны адамзатка каршы колдонуп да көргөнүн эске салып өттү.

Коопсуздук кеңешин иран президенти алдуу-күчтүү өлкөлөрдүн гана укугун коргоп, ал эми өнүгүп жаткан улуттарды басмырлап,алардын илимий-техникалык прогресске жетишине каскак болуп жатканы үчүн сынга алды. Кеңештин туруктуу айрым мүчөлөрү эл аралык чыр-чатактарга өздөрү себепчи болуп, башкаларды болсо санкциялар механизми менен опузалаганды жакшы көрүшөт, деп белгиледи иран президенти. Бул органды дүйнөлүк экинчи согуштун калдыгы таризде сыпаттап, Ахмединежад Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн санын кеңейтүүнү, ага мусулман өлкөлөрүнүн, Ислам конференция уюмунун, африкалык континеттин өкүлдөрүн кошууну, алардын ар бирине вето салуу укугун берүүнү сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG