Кошмо Штаттарынын Кытай менен соода тартыштыгы өткөн жылы 200 миллиард доллардан ашты. Ушундан улам айрымдар Кытай юанын атайылап арзан кармап, АКШнын экономикасына залака тийгизүүдө деп жатышат. АКШнын казына катчысы Хенри Полсон ушул аптада Бейжинде болуп, Кытайды юандын долларга карата катнашын жакшыртууга көндүрүүгө аракет кылмакчы. Полсон өткөн аптада юанды алмашуу курсу атаандаштыктын акыйкатсыздыгына түрткү болуп жатат деп айткан эле. Бирок башка серепчилер буга кошулбайт. Экономикалык чалгын борборунун Кытай боюнча эксперти Дункан Иннисс-Кирдин пикиринде, юандын арзандыгынан бөлөк да факторлор бар:
– Кытайдын жумушчу күчүнүн өндүрүмдүүлүгү өтө жогору, өлкөнүн артыкчылыгы ушунда. Кытай ошондой эле арзан товар чыгарууну азайтып, электроника жана башка товарларга басым жасап жатат. Ошондуктан, Кошмо Штаттары менен соода тартыштыгы дагы көп жылдар сакталып кала берет.
Өнүккөн жети өлкөнүн финансы министрлери да өткөн ишембиде Кытайды акча алмашуу саясатын өзгөртүүгө чакырышты. Бирок алардын чакырыгы суу кечпей кала бере турган, анткени Кытайдын Борбордук банкынын жетекчиси Жоу КсиаЧуан ушул аптада Кытай бул жаатта шашылбайт деп эскертти.
***********
АРЫК БОЛГОН МОДАДАН КАЛАБЫ?
Экономикалык моделден кадимки эле модага келсек. Жаңы моданы сөзсүз бою узун, арык кыздар көрсөтүшөт. Бирок аларды туурайбыз деп канча кыз саргайып, сар-санаага батат, саламаттыгынан да ажырайт. Ушундан улам арыктардын модасы чабуулга туш келүүдө. Тактап айтканда, Мадридде ушул шейшембиде башталып жаткан мода көрсөтүүдө өтө арык кыздарга тыю салынды. Бул кадам айрымдардын колдоосуна татыды.
–Бул аракет ара жолдо калбайт деп үмүттөнүп жатам. Арык болгон эчтеке эмес, толугураак болгон жакшы. Ишке ашпай турган нерсенин аркасынан түшкөндөн көрө, мода индустриясында баары кабылданса, дурус болот,-деди Робин Дутт, мода тууралуу жазган журналист.
Бул пикирге мода тармагыдагылардын баары эле кошулган жок. Алар анорексия же булемия сыяктуу тамакка табити тартпай, же жеген, ичкенин кайра кусуп калган оорулар үчүн мода индустриясы күнөөлүү деген ырастоолорго нааразы. Кээ бирлер ал тургай, мындай тыюну дискриминация деп жатышат.
Ал эми Лондон Мода жумалыгынын уюштуруучулары Мадриддегидей чектөө киргизүү чакырыгын четке кагышты. Бирок, Миландын мэри шаарда 23-сентябрда башталып жаткан мода жумалыгына Мадриддегидей чектөө киргизүүнү колдой тургандыгын айтып, жыландын башын кылтыйтты. Минтип отурса, арыктар модадан калып калышы да ажеп эмес.