Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

ОШ ШААРЫНДА АЛМАТЫ ОБЛУСУНУН МАДАНИЯТ КҮНДӨРҮ БАШТАЛДЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 20-сентябрь күнү Ош шаарында Казакстандын Алматы облусунун маданият күндөрү башталды. 105 адамдан турган өнөрпоздор тобун, ишкерлерди жана расмий делегацияны Казакстандын Алматы облусунун акими Серик Умбетов баштап келди.

Казакстандын Алматы облусунун Оштогу маданият күндөрүнө театр искусствосунун, элдик фольклордун жана эстрада тармагынын өнөрпоздору атайын учак менен келишти. Расмий топту тосуп алган Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев Казакстандын Алматы облусунун акими Серик Умбетов баштаган делегация менен жолугушууда алгачкы жолу башталып жаткан саамалык боюнча мындай оюн билдирди:

-Кечээ күндөн баштап делегаттар келе баштады. Өзүңүз менен кошо чоң топту алып келдиңиз. Кудай буюрса азыр биздин ишкерлер менен сүйлөшүүлөр болуп атат. Ишкерлер таанышып алышса, мындан ары өркүндөп кетишине мен ишенем.

Өнөр адамдарынан жана маданият кызматкерлеринен сырткары Алматыдан казакстандык ишкерлер да келишип Ош шаарындагы жана облус аймагындагы экономикалык мүмкүнчүлүктөр менен таанышып, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту.

Казак делегациясынын башчысы, Алматы облусунун акими Серик Умбетов мырза эки облустун ортосунда түзүлүп жаткан мамиле жана кызматташуунун жаңы нугу тууралуу төмөндөгүлөрдү белгиледи:

- Алматынын делегациясы өзүңүздөрдүн чакырууңуздар менен ушул жерге келип отурабыз. Биз Бишкекке жакынбыз, Ошко бир аз алысыракбыз. Бирок, жолугушууну биз алыстан башташыбыз керек.

Казакстандын Алматы облусунун Кыргызстандын Ош облусундагы маданий күндөрүнүн негизги программасынын алкагында эки облустун өнөрпоздорунун биргелешкен концерти, Казакстандын искусство чеберлеринин сүрөт көргөзмөсүн уюштуруу каралган. Бул тууралуу Алматы облустук акимчилигинин маалымат кызматынын өкүлү Кумыр Базараулы мына буларды билдирди:

- Азыр эки облустун губернаторлору жолугушту. Кечинде Алматынын өнөрпоздору гала концерт коет. Андан кийин музейлерди кыдырышат. Негизинен программа ушундай.

Алматы облусунун маданият күндөрү Ош шаарында эки күнгө созулмакчы.
XS
SM
MD
LG