Түркмөнстан мунайга, газга бай. Бирок мамлекетти 20 жылдан бери башкарып келаткан Сапармурат Ниязовдун режими Түркмөнстандын мунайына, газына кызыккандар үчүн ыңгайсыз факторлордун бири.
Венада жайгашкан Эларалык Хельсинки федерациясынын жетекчиси Арон Родестин айтымында, Түркмөнстанда сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги таптакыр жок. Жарандык коомдун дагы жүүнү бош.
– Соттор аткаруу бийлигинин көзүн карап турат, ошондуктан акыйкат чечим тууралуу айтпай эле койгон оң. Бир дагы эркин маалымат каражаты жок. Адамдардын мойнуна кыйноо жолу менен алар жасабаган күнөөлөрдү илишет.
Ачык коом институтунун Түркмөнстан долбоору боюнча директору Эрика Дейлинин пикири боюнча, түркмөн бийлиги адамдардан баардык маалыматтарды өз бийлигин чыңдоо максатында жашырып келатат. Атайын цензорлор элге эмне маалыматты бериш керек, эмнени – жок, деген маселени Түркмөнбашынын каалоосуна карата чечишет:
– Түркмөн өкмөтү маалыматты кысып, цензураны катаалдатып өз элин дүйнөдө болуп жаткан окуялардан караңгы кармап жатат. Муну менен эл өз жашоосун башкалар менен салыштыруу мүмкүнчүлүгүнөн таптакыр ажырап отурат.
Карапайым түркмөндөр дүйнөдө эмне болуп жатканынан кабары аз болсо да дүйнө эли Борбор Азиядагы бул мамлекетте эмне болуп жатканын билип турушат.
Газ менен мунайды сатуудан түркмөн бийлиги миллиарддаган доллар пайда таап жатканына карабай элдин турмушу тукулжураган абалда. Арон Родестин айтымында, керек болгон учурда карга шыйрак мектеп окуучулары Түркмөнстанда баягы совет заманы учурундагыдай эле пахтага барышат:
– Түркмөнстандагы башка бир оор проблема – пахтаны жыйноо үчүн балдарды кара жумушка салып, алардын укуктарын тебелөө .
Родестин айтымында, пенсия дагы азайып, саламаттык сактоо тармагындагы тейлөө да начарлап кетти.
Бирок Түркмөнбашынын түндүгүнүн түшпөй жатышынын сыры эмнеде? Эрика Дейлинин пикири боюнча, мунун сыры – кен байлыктарда:
– Бул – көптөн бери көзкарандысыз тараптар айтып келаткан талашсыз чындык – эки жана көп тараптуу алакалар түркмөн бийлигинин колу-жолун бошотуп берип отурат. Ошондон улам биринчи орунда адам укуктарына караганда көп жылдык энергетикалык коопсуздук жана геосаясий кызыкчылык туруп калууда. Тилекке каршы, буга ишенбей кое албайсың.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда америкалык сенатор Сэм Броунбек дүйнө коомчулугун Түркмөн бийлигинин чектен чыккан жоруктарын токтотуу мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга чакырды.
Анткени азыр дүйнө мамлекеттери мунайга жана газга муктаж болуп турган чак, а Түркмөнстан болсо ошол дүйнө менен мамиле түзүүгө куштар.