Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

МАСКӨӨ МЕНЕН БАТЫШ ОРТОСУНДА АВТОНОМИЯЛАР ҮЧҮН КҮРӨШ ЖҮРҮП ЖАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Молдованын курамындагы Днестр жумуриятында 17-сентябрда референдум өткөрүлүп, анын калкы Орусияга кошулуу чечимин колдоду. 12-ноябрда эми Грузиянын ичиндеги Түштүк Осетияда дагы ошондой референдум өткөрүлөт. Аны менен катар Сербиянын курамындагы Косовонун эгемендүүлүгү тууралуу дагы референдум даярдалууда, бирок Маскөө ага каршы. Байкоочулардын айтымында, бул референдумдар - Орусия менен Батыш ортосунда жүрүп жаткан чоң күрөштүн алкагына кирет.

Маскөө менен Армениянын каршылыгына карабай, Бириккен Улуттар Уюму 14-сентябрда атайын чечим кабыл алып, СССР чачырагандан кийин өз эгемендүүлүгүн жарылялаган, бирок эч ким тарабынан тааныла элек автономиялар маселесин өзүнүн быйылкы Жалпы ассамблеясынын күн тартибине киргизүүнү чечти. Демилгени - Грузия, Украина, Азербайжан жана Молдова кирген ГУАМ уюму көтөргөн жана сунуш андан эки күн мурда каралганда, ал четке кагылган, бирок ГУАМ аны кайра көтөргөндө, 16 мамлекет сунушту колдоп, 15 өлкө каршы чыгып, 65 мамлекет калыс калды.

Маскөө дипломаттарынын айтымында, маселе өтө деле орчундуу эмес, анткени аны кароого 16 гана өлкө макул болду, бирок Армения дароо - Тоолуу Карабак маселеси боюнча Азербайжан менен жүрүп жаткан сүйлөшүүнү токтотууну чечти. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин 24-сентябрга дайындалган жолугушуусу болбой калды.

Аны менен катар бир нече жылдан бери Сербиянын курамындагы Косово автономиясын эгемендүү мамлекетке айлантуу боюнча референдум дагы даярдалып жатат, анткени, деп жазат британиялык "Индепендент" гезити 19-сентябрда, Косоводо жашаган сербдерди мамлекеттик иштерге кошуу аракеттери эч жыйынтык берген жок жана Маскөө канча каршылык кылса дагы, жакын арада Косоводо референдум өткөрүлөт.

Ошол себептен Молдованын курамындагы Днестр жумурияты жана Грузияга кирген Абхазия менен Түштүк Осетия жумурияттары Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөрө турганын жарыялады жана Маскөө андай демилгени колдоду.

Орусиянын "Коммерсант" гезити 18-сентябрда жазганга караганда, мындай ыкма менен Маскөө өзүнүн мурдагы советтик жумурияттар менен Чыгыш Европадагы турумун күчөтүүнү көздөйт.

Грузия, Молдова жана Украина Европа Биримдиги менен НАТО уюмуна кошулууну көздөп аракеттенип жатканда, айрым башка элдер тескерисинче, Орусияга кошулууну эңсегенин көрсөтүү - эл аралык сахнадагы Маскөөнүн кадырын көтөрүп, Батыш мамлекеттери жүргүзүп жаткан саясат ката экенин көрсөтүш керек.

Брюссел шаарындагы Европалык саясат борборунун эксперти Аманда Акчакожанын айтымында, канчалык көп андай автономия Орусияны колдосо, Маскөө үчүн ошончолук пайдалуу: "Менин оюмча, маселе - андай элдер Орусияны туруктуу колдогонун билдириш керек болуп жатканында. Алардын азыркы абалы канчалык жаман экенин дүйнөгө көрсөтүш керек жана аны менен Орусия - бул аймактарда өз аскерлерин дагы эле кармаганын да актай алат", - дейт Акчакожа.

Брюсселдик дагы бир эксперт Майкл Эмерсондун айтымында, андай саясат Балтик жээгиндеги жумурияттарды гана камтыбайт: "Орусиянын стратегиясы - Европа Биримдигинин айланасындагы аймактарда жана жалпы эле мурдагы советтик жумурияттарда өзүнүн бардык күчү менен таасирин бир муштумга топтоо. Балтик жээгиндеги жумурияттар гана андай стратегияга кирбейт, Маскөө алардан баш тартты", - дейт Эмерсон.

XS
SM
MD
LG