Мурда Ооганстан ийне сайынып маң заттарын алган баңгилер жок өлкө саналчу. Бирок, жүз миңдеген согуш бозгундары Пакистан, Иран, Өзбекстандан кайтып келишкенден кийин, адистер Ооганстанда ийне сайынган баңгилер көбөйүп баратканын айтышат. Ысмы аталган өлкөлөрдө көк тамырга ийне сайып, героин өңдүү күчтүү маң заттарын алуу кеңири жайылган.
Ооганстанда 18-сентябрда СПИДге каршы башталган долбоордун демилгечилеринин бири, Италиянын Кызыл Чырым уюмунун башчысы- доктор Масимо Бара. Ал -Ооган бийликтери баңги-наркомандарга эч кандай камкордук көрбөгөнүнө өзү ынанган:
- Мен 2005-жылы декабрда Кабылга барган кезде көптөгөн ийне сайынган баңгилерди жолуктурдум жана аларга тийиштүү жардам берилбегенине күбө болдум.
Улуттар Уюмунун эсеби боюнча, Ооганстанда азыр 1 миллионго чукул баңги бар. Баңгилер өлкө калкынын төрт процентине барабар жана алардын көбү маң заттарын көктамырга ийне сайып алышат.
Маң заттарына каршы күрөшкө адистешкен Сенслис кеңешинин серепчиси Фабрисий Потьер Ооганстанда ВИЧ инфекцииясы коңшу өлкөлөрдөгүдөй жайылып кетиши мүмкүн деп кооптонот:
- Иран, Тажикстан, Өзбекстан сыяктуу Ооганстанга коңшу өлкөлөрдү же андан алыстагы Россияны алсак, ийне сайып героин алуу менен СПИД ортосунда өтө көп жакындыктар бар экенин көрөбүз. Ырасында эле, бул өлкөлөрдө героинди колдонуу СПИД эпидемиясына түрткү берген. Ооганстан андай абалга эми кабылганы турат.
Сенлис уюмунун кызматкерлери Кабыл, Герат, Лашкар Гар, Кандагар сыяктуу ири шаарлардагы качкындар ичиндеги ийне сайынган баңгилерди тактап, тезмеге алышкан. Аларга жардам көрсөтүүдө соңку кезде Тегеранда жана акырыкы отуз жылда Римде топтолгон тажрыйба колдонулмакчы. Эл аралык долбоорго ылайык, Кабылда 50 орундуу борбор иштей баштады. Ага жардам издеген баңгилер каалаган убакта кайрыла алат.
Ооган долбоорунун ийгилиги өтө маанилүү. Фабрисий Потьердин сөзүнчө, долбоор ийгиликсиз болсо, өлкөдө маң заттарын колдонуу, ошондой эле ийне сайынган баңгилердин саны дагы көбөйөт жана СПИДди жайылтуучу ВИЧ инфекциясы чоң эпидемияга айланат.