Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

ЭГЕМЕН КЫРГЫЗСТАН «2» ДЕГЕН БАА АЛДЫ


Коррупция менен айыгышкан күрөштө келаткан Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк банктын «экзаменинде» эки деген баа алды. Тактап айтсак, биздин өлкө 2005-жылдын жыйынтыгына ылайык коррупцияга каршы иш жүргүзгөн КМШ өлкөлөрүнүн ичинен минус 1,32 баллга татыктуу болгон. Эскерте кетели, Бүткүл дүйнөлүк банктын эсеби боюнча « плюс 2» деген баа эң жогорку, ал эми «минус 2» деген баа эң төмөнкү болуп эсептелет.

Ушул маалыматты жарыялаган «Лица» гезити азыркы күндө сунуш кылынып жаткан Башмыйзамдын үч долбоору тең кайрадан иштеп чыгууга муктаж экендигин, анткени аларда өлкөнүн бийлик бутактарынын ортосундагы карым-катыштарга так,ачык жооп болбой калгандыгын, эгер бийлик бутактарында мындай тең салмактуулук сакталмайын, Башмыйзамды оңдоо аракети кайрадан эле айлап, жылдап созула берерин политологдор Бакыт Асизбаев менен Нуридин Нураков кеңири сөз кылган.

«Алас» гезити бүгүнкү күндөрү олчойгон орус бийлиги таппай жүргөн Борис Березовскийдин Бишкекке келген-келбегени тууралуу жазган кабарында минтет. Көрсө-Лондон-Бишкек-Лондон багыты боюнча чынында эле Глобал-экспресс деп аталган «эң мыктылар минчү» менчик самолет бир гана жолу келип кеткен экен. Бирок, аны менен канча жүргүнчү келгени, алардын аты-жөнү тууралуу эч кандай маалымат жок. Болгону 2 жүргүнчү келип, самолет кайра эртеси Валиев аттуу жүргүнчү менен кайткан имиш. Баарынан кызыгы-Кыргызстандын чегара кызматы бул рейс менен эчким келбегенин, болгону экипаждын 3 мүчөсү гана болгонун, ал Кыргызстанга учуп келип, эртеси кайра Лондонго бопбош учуп кеткенин билдирген деп жазды. Эгер мына ушинтип мамлекеттин чегара кызматы өз чегарасынан кимдер өткөнүн билбей көзүн жуумп отура берсе, анда Кыргызстан бара-бара эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкерлер менен курал-жарактардын, баңги заттардын кампасына айланары турган иш деген пикирлерин билдирген депутаттар Болот Шерниязов менен Өмүрбек Текебаев.

«Апта» гезити Хизб ут-Тахрир деп аталган партия ишмердүүлүгүнө тыюу салынганына карабастан эми Кыргызстандын Түндүгүндө, атап айтканда Ысык Көл менен Нарында да тамырын жайып жатканын, анын идеялары мектебинен мечити көп Кыргызстандын айыл-кыштактарын да аралап баратканын, эгер эси барда этегин жаап, мамлекет буга тиешелүү чараларды көрбөй турган болсо анын кесепети 15 жылдан кийин өтө эле оор болуп калышы ыктымал деп жазат.
Баяндаган Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG