Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

БИШКЕКТЕ КИЧИАВТОБУСТАРДА ЖОЛ КИРЕ КЫМБАТТАШЫ МҮМКҮН


Акыркы убактарда күйүүчү майдын баасы кескин көтөрүлгөнүнө байланыштуу Бишкек шаарындагы маршруттук каттамдагы кичиавтобустарда жүрүү акысын көтөрүү маселеси кайрадан көтөрүлө баштады. Учурда борбор калаабызда бензиндин баасы 22 сомдон 25 сомго чейин, ал эми дизелдик күйүүчү майдын бир литри 21 сом турат. Бишкек шаардык департаменти да бул маселени кайра карап чыгуу зарылдыгын белгилөөдө.

Бишкек шаардык транспорт департаментинин маалыматы боюнча учурда борбор калаабызда 300 каттамда эл ташыган 10 000 ашуун кичиавтобус иштейт. Жыл сайын шаардагы элдин саны көбөйүп жаткандыктан, транспортко болгон суроо-талап да өсүүдө. Ушул тапта шаар көчөлөрүндөгү автобус-троллейбус жана кичиавтобустардан тышкары 10 000 ден ашуун жеке менчик унаалар жүрөт. Бишкек шаардык транспорт департаментинин жетекчисинин 1-орун басары Адылбек Акматовдун айтымында, он миңден ашуун таксинин он пайызынын гана патенти бар:

-Биздин жүргүзгөн изилдөөлөрүбүздүн жыйынтыгы көрсөттү: Бишкек шаарында күн сайын он миңден ашуун жеке менчик транспорттук каражаттар б.а. таксилер жумушка чыгат экен. Алардын ичинен он пайызынын гана эл ташып иштөөгө мыйзамдуу укугу бар.

Адылбек Акматов кичиавтобустарда жүрүү акысын көтөрүү тууралуу маселени кайра карап чыгуу зарылдыгын белгилеп кетти:

-Акыркы убактарда шаардык транспорттун, анын ичинде микроавтобустардын көпчүлүгү сыртка эл ташууга өтө башташты. Буга баягы эле жолкиренин арзандыгы себеп болууда. Анткени биздин шартта айдоочулардын акыбалы өтө оор. Алардын дээрлик токсон пайызы ижарада иштешет. Ошондуктан, жолкирени бир аз көтөрүү тууралуу маселени кайра карап чыгууга тийишпиз.

Шаардык транспорт департаментинин өкүлүнүн сөзүн 114-каттамдагы кичиавтобустун айдоочусу Майрамбек Нуракунов да колдоду:

-Машинага керектелчү тетиктердин баары кымбат. Күйүүчү май кымбаттаганына бир топ убакыт болду. Мен го өзүмдүн машинам менен иштейм. Ал эми ижарада иштеген айдоочуларга өзгөчө кыйын болуп жатат. Керелден-кечке тапкан акчасы 200-250 сомго да жетпейт. Алардын ар биринин бала-чакасы, алсыз ата-энелери мойнунда. Ошондуктан, жолкирени көтөрүү зарыл.

Бирок жолкирени кымбаттатуу эң алды калктын социалдык жактан алсыз катмарынын чөнтөгүнө сокку ураары белгилүү. Ошондуктан, шаардык транспорт департаменти Бишкекте кичиавтобустардын санын азайтып, автобус, троллейбус сыяктуу коомдук транспортторду көбөйтүүгө да аракет жасоодо. Бул тууралуу шаардык транспорт департаментинин жетекчисинин 1-орун басары Адылбек Акматов билдирди. Анын айтуусунда учурда ЕврАзЕстин жардамы менен коңшулаш Кытай жана Казакстан өлкөлөрүнөн ири унааларды алуу жагы сүйлөшүлүп жатат:

-Буга чейин Акөргөө жаңы конушуна троллейбус жүргүзүлгөн. Учурда Жал кичирайонуна линия тартылып жатат. Бизге троллейбус тартуу жагы туура келет. Башка жол жок. Анткени бул экологиялык жактан таза транспорттун түрү. Бирок өтө көп каражатты талап кылат.

Бишкек шаарынын калкын транспорт менен толук камсыздоо үчүн жок дегенде 300 гө жакын троллейбус, 400 дөн ашуун автобус болууга тийиш.
Биз жол кирени көтөрүү тууралуу айдоочулардын талабына пикирлерин сурап, айрым жүргүнчүлөрдү кепке тарттык. Бермет аттуу студент кыздын айтуусунда, алардын үйүндө үч студент бар. Ал жашаган жерге кичиавтобустардан башка унаа каттабайт:

-Биздин үйдө үч студент бар, эжем, мен жана сиңдим. Үчөөбүзгө күн сайын жол киребизге эле 20 сомдон берүүгө апамдын кудурети жетпейт. Ошондуктан, жол кирени кымбаттатуу керек деген талап туура эмес деп ойлойм.

Шаардагы эл ташыган кичиавтобустардын жолкиресин кымбаттатуу маселеси буга чейин да бир нече жолу көтөрүлүп, айдоочулар иш таштоого чейин барышкан. Бирок акыркы жолу шаардык кеңеш алардын нааразылыгын четке кагып, 5 сомдук жолакыны күчүндө калтырган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG