Кечээ Түркмөнстанда абакта жатып каза болгон журналист Огулсапар Мурадованы эскерүү аземи болду. Азаттыктын түркмөн кызматынын кабарчысы мыйзамсыз курал-жарак алып жүргөн деген айып менен 6 жылга соттолгон. Огулсапар Мурадованын үй-бүлөөсү ал түрмөдөн киши колдуу болуп каза тапты деген ишенимде. Айрым эл аралык уюмдар да буга чейин ушундай ойлорун билдиришкен.