Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

18: 40. Жогорку Кеңеш депутаттары жашыруун добуш менен токтом кабыл алышты


Бүгүн Жогорку Кеңеш «Өмүрбек Текебаевдин Варшавада баңгизаттар менен кармалышына байланыштуу өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал тууралуу» токтом долбоорун жашыруун добуш менен кабыл алды. Ага ылайык парламент Курманбек Бакиев жана Феликс Куловдун тандемин конституцияга каршы келет деп таап, аларды өз ишин конституцияга ылайык жүргүзүүнү, президентке коалициялык өкмөт түзүүнү сунуштады.

Токтомдо ошондой эле Улуттук коопсуздук кызматын өкмөттүн карамагына өткөрүү, конституциялык реформаны тезинен жасоо, Жаныш Бакиевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоо боюнча пункттар колдоо тапты. Бирок күч структураларынын жетекчилерине ишеним көрсөтпөөгө добуш жетишкен жок.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG