ООНдун Башкы ассамблеясындагы сөзүндө грузин президенти Михаил Саакашвили Москвага ушундай айып коюп, Тбилиси россиялык бейпилдик күчтөрүн чыгарууну талап кыларын билдирди. Бейпилдик контингенти, Саакашвилинин айтымында, грузин-абхаз жана грузин-осетин жаңжалдарын жөнгө салганга кедерги келтирип жатат. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров грузин президентинин айыптарын четке кагып, Саакашвили фактыларды бурмалап жатканын билдирди.