Террорчулар өлкөнү кайра тикелөө ишин үзгүлтүккө учуратканга умтулууда, деп билдирди Ирак президенти Жалал Талабани. Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Талабани өлкөдө тыйылбай жаткан бүлүк-бүлгүндөргө жана кыянатчылыктарга ирактыктардын такааты жетпей баратканын белгилеп, коңшулаш өлкөлөрдү экстремисттерди Иракка өткөрбөс үчүн чечкиндүү чараларды көргөнгө чакырды.