Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

ТЕРРОРЧУЛУКТАН КҮНӨӨЛӨНГӨНДӨРДҮ СУРАККА АЛУУ БОЮНЧА МУНАСА ТАБЫЛДЫ


Террорчулуктан шектелип кармалган туткундар АКШ түзгөн жашыруун абактарда кыйналган деген маалыматтар чыккандан соң Вашингтон андай күнөөлөрдөн кутулуу үчүн бир топ аракеттерди көрүүдө. Тергөөчүлөрдүн айрым ыкмаларын актай турган өкмөттүк долбоорду Жогорку сот четке каккандан кийин ага президент Жорж Буштун өз партиялаштары да каршы чыккан, бирок 21-сентябрда - мунаса табылды деп жарыяланды.

Террорчулуктан шектелип кармалгандарды АКШ жетекчилиги Куба аралындагы Гуантанамо аскерий базасында кармайт, бирок былтыр - алардын айрымдары кээде башка мамлекеттерге жашыруун алып барылып, сурак учурунда кыйноого алынган деген маалыматтар жарыяланган. Европа Биримдиги ал маселе боюнча атайын иликтөө да баштаган, анткени андай жашыруун абактар кээ бир европалык мамлекеттердин аймактарында түзүлгөн деген маалыматтар да чыккан.

Эл аралык сын күчөгөндөндүктөн АКШ жетекчилиги атайын мыйзам долбоорун даярдап, андай туткундардын баары Гуантанамо базасына алып келинет, бирок аларды суракка алууда атайын ыкмаларды колдонуу мүмкүн болот деп чыккан. Андай долбоорду АКШнын Жогорку соту үстүбүздөгү жылдын июнунда четке каккандан кийин, өкмөт жаңы долбоор даярдаган, бирок ал биринчи долбоордон көп деле айырмаланган эмес.

Ошондуктан президент Жорж Буштун өзүнүн Республикалык партиясынын мүчөлөрү Жон Уорнер менен Жон Маккейн башка долбоор даярдаган жана Конгресстин аскерий маселелер боюнча комитети 14-сентябрда өкмөттүн эмес, ошол эки сенатордун долбоорун жактырган. Конгресстеги жыйындан кетип жатканда президент - жакын арада өкмөт жаңы долбоор сунуштайт деп билдирген.

21-сентябрда болсо сенатор Маккейн - Республикалык партия ичинде бул маселе боюнча мунаса табылды жана эми бирдиктүү жаңы долбоор даярдалат, анын шарттары аскерий туткундардын укуктарын коргогон Женева конвенциясына каршы келбейт деп билдирди: "Долбоор жалпысынан, анын тили жана мааниси Женева конвенциясына туура келээринен күмөн санабай эле койсо болот. Биз түзгөн келишим эми - террорчулукка каршы согуш жүрүп жаткан учурда кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартуу ишинде президентке курал берет", -деди Маккейн 21-сентябрда.

"Файнэншл таймс" гезити ошол эле күнү жазганга караганда америкалык жетекчилик өз мыйзамдарын эл аралык эрежелерге төп келтирип жатканынын дагы бир себеби бар - Женева конвенциясына каршы келбеген мыйзам кабыл алынмайынча иштебейбиз деп Борбордук чалгындоо агенттигинин айрым тергөөчүлөрү жетекчиликке каршылык билдирип, иштерин токтотуп салган.

АКШ өкмөтүнүн айтымында, азыр эч жерде жашыруун абактар жок, бирок алар качан жабылганы тууралуу маалымат айтуудан расми адамдар баш тартууда. Улуттук чалгындоо кызматынын деректири Жон Негропонтенин айтымында, андай жашыруун программалар мындан бир нече ай мурда эле жабылган.

Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG