НАРЫН.Нарын облусунан үстүбүздөгү жылы сынакка катышууга 80 мугалим ниеттенсе, алардын 69 атайын уюштурулган комиссиянын элегинен өтүштү. Облуста физика, чет тилдер мугалимдери өзгөчө жетишпегендиги, ал эми кыргыз тили, информатика тескерисинче көбөйгөндүгү жыйынтыктоо жыйында маалымдалды. Облустук билим жана жаштар саясат башкармасынын акиминин орунбасары Саткынбек Мамытовдун айтымында, тандап алуу вазийпасы калыс өткөрүлдү жана Нарын шаарынан, район борборлордон айылдарга таңсык мугалимдер жиберилди. Бирок,кароого катышкан айрым мугалимдер тандоодо өң-тааныштык болгондугун дароо эле билдирип чыгышты.
17:40. Нарын облусундагы орто мектептер депозиттик конкурс аркылуу 32 жаш мугалим менен толукталды