Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ: БЫЙЫЛ АЖЫЛЫККА АВТОБУС МЕНЕН БАРБАЙСЫЗ !


Кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык, быйыл ажыга автобус менен барууга тыюу салынып, самолёт менен гана сапарга чыгууга уруксат берилди. Буга байланыштуу ажылыкты уюштурууда бир топ өзгөчөлүктөр, жаңылыктар болору айтылууда. Өткөн жылы ажы сапарындагы баш аламандыктар, тартип бузуулар быйыл болбой тургандыгына ишендиришүүдө кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү.

Өкмөт токтомуна карабай, быйыл дагы өзүм билемдик кылышып автобус менен ажыга жөнөгөндөр болбосун үчүн алардын жолу ар тараптан тосулгандыгын Дин иштери боюнча мамлекеттик агентиктин деректири Жолборс Жоробеков эскертти:

-Анүчүн биздин мамлекет Өзбекстан, Түркмөнстан, Орусия жана башка бир катар мамлекеттерге Кыргызстандын автобустарын өткөрбөө боюнча көрсөтмө берди.

Быйыл ажылыктын талаптагыдай уюштурулушуна өлкө президентине чейин кызыкдар экендигин 22-сентябрь күнү Акүйдө өткөн атайын жыйында Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров баса белгилеп өткөн.

Кыргызстанга ажылык үчүн быйыл 4500 квота берилгендиги белгилүү. Аларды бөлүштүрүүдө былтыркыдай башаламандыктарга жол бербес үчүн бир катар аракеттер жасалууда. Маселен, Кыргызстан боюнча, үч чоң штаб түзүлгөн: Кыргызстандын түндүк региону үчүн Бишкекте, Ош, Баткен облустары үчүн Ош шаарында жана Жалалабат облусу үчүн Жалалабат шаарында.

Квотанын 500ү республикалык штабга резервге калтырылып, 1000 орун түндүк регионуна, 2000 орун Ош, Баткенге жана 1000 орун Жалалабатка бөлүнүп берилген. Алар өз кезегинде райондорго бөлүп беришет. Быйыл ажылык боюнча бирдей сандагы топтор түзүлөт, ар бир топто 50дөн адам болот.

Мындан сырткары кыргызстандык ажылар Меке-Мединада атайын Кыргызстандын кут белгилери чапталган бирдей форма кийип жүрүшмөкчү жана ажылар бири калбай жатаканалар менен камсыздалат. Ажыларды Саударабстанга самолёт менен алып баруучу фирмалар конкурстук негизде тандалып алынууда.

Быйылкы ажылыкты уюштуруудагы дагы бир негизги маселе, өткөн жылы кезегин башкаларга алдырып ийип барбай калгандарды биринчилерден кылып ажыга жөнөтүү. Бирок, аларга байланыштуу да чалкеш жагдайлар жок эмес. 1792 адамдын 500гө жакыны өз алдыларынча жолго чыгып, бирок жеталбай, акчаларын коротуп алышкан. Алардын Меке-Мединадагы жатаканаларын, тамак-аштарын бекер кылып берүү аракеттери көрүлүп жатат.

Бишкектеги Азрети Умар атындагы ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов ажылыкты уюштурууда башаламандыктарга жол бербес үчүн баштан-аяк күчтүү мамлекеттик көзөмөл зарыл деп эсептейт:

-Ошондой көзөмөлдүн жоктугу үчүн Кыргызстандан кытайлыктар да, өзбекстандыктар да кетип жүргөн ажыга.

Саударабстанга виза берүү иштери орозо бүтөөрү менен башталат. Ал эми ажылык расмилер өтчү Курман айт 31-декабрга туш келет.

Кожогелди Култегин, Бишкек
XS
SM
MD
LG