Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

КОМПОЗИТОР АКИМЖАН ЖЭЭНБАЙ “МАНАСТЫН МУРАСЫНА” КЕЛДИ


Акимжан Жээнбай! Бул ысым кыргыз эле эмес, канатташ жашаган казак, өзбек, түркмөн, тажик угуучуларына да белгилүү.

Таанымал композитор сөөлөтүү 60 жаш курагынын 40 жылын кыргыздын профессионалдык музыкасынын өсүшүнө, өнүгүшүнө арнап, тынымсыз изденип, талбай эмгектенип келет. Ал ар кандай аспаптар үчүн жазылган пьесалардан тартып, татаал симфониялык кантата жана башка жанрдагы чыгармалардын үстүндө жемиштүү эмгектенип келүүдө.

Автордун Уркуя Салиеванын жаркын элесине арналган “Уркуя” аттуу поэмасы, “Аталар” деген аваздык-симфониялык поэмасы, чоң симфониялык оркестр үчүн жазган “Балалыкты эскерүү” аттуу пьесасы (күүсү) кыргыздын симфониялык музыкасынын жаңы баракчасын ачты. Кыргыз эли эгемендүүлүккө чыгып, эркиндик, теңдикти өз колуна алган күндөн композитор Жээнбайдын чыгармачылыгында башка кесиптештерине салыштырганда өзгөчө жаңылануу, эргүү пайда болду. Алсак, доорго үндөшкөн, башта жазылбай, көмүскөдө калып келген темалардын үстүндө жаңыча көз карашта, жаңыча ой жүгүртүүдө, жаңыча изденүүдө жигердүү эмгектене баштады. Айрыкча, композитордун чыгармачылык жүзү, изденүүсү “Ата бейит” аттуу аваздык-симфониялык кошогунда, “Ош-3000”, “Күү дастан” деген ж.б. аспаптык, хор (шыгыр) ж.б. чыгармаларында айдай ачык көрүндү.

Акимжан мырзадан бүгүнкү күндө көптөгөн угармандардын урматтоолоруна ээ болгон “Ата бейит” аваздык-симфониялык көлөмдүү кошогунунун жазылуу тарыхын сураганыбызда ал буларды айтты:

-“Ата бейит” аттуу аваздык-симфониялык кошогумду 30-жылдары ак жерден айыпталган чоң аталарымдын жаркын элесине арнадым. Өзүмдүн чоң атам да 1932-жылы айдалып, Оштогу Сулайман тоонун түбүндө атылып кеткен экен. Кошоктун сөзүн атактуу акыныбыз Эрнис Турсунов жазды. 1937-жылы Эрнистин атасы, Т.Айтматов, К.Тыныстанов, Ж.Абдрахманов жана башкалар да атылып кетишкен. 1991-жылы Чоңташта жазыксыз жерден атылгандарга арналып мемореалдык комплекс ачылды. Мага ошол комплекстин ачылышы өтө таасир берди. Ошондо жаздым. “Ата бейиттин” салтанаттуу ачылышында чыгармам аткарылып, угуучуларга алгачкы жолу тартууланган эле.

- Акимжан мырза, “Ата бейит”, “Күү дастан” аттуу жана башка көлөмдүү симфониялык чыгармаларды жазуу менен бирге соңку кездерде эмне үчүн эл аспаптар, симфониялык оркестр үчүн эмес, комуздун коштоосунда ырдай турган ырларга көбүрөк обон чыгарып, ал турсун комуз, чоор жана башка аспаптар үчүн күүлөрдү да жаза баштадыңыз?

- Мен европалык билим алдым. Мен окуп жүргөндө сиздин жана В.С.Виноградовдун гана элдик музыка жөнүндө жазган китептерди окуп өстүм. Азыр ойлосом ошол кездерде европалык стилдеги музыкаларды жазууга 180 градус бурулуп кетипбиз. Элди жерисең, сени эл жөн эле жерип коет экен. Бүгүнкү күндө композиторлорго кыйын болуп калды. Өзүбүз да күнөөлүбүз. Мезгил да башкача болуп калды. Мен эми ойлонуп отуруп комузга, кыл кыякка, чоорго күү чыгарып, комуздун коштоосунда ырларды жаза баштадым. Аларды консерваториянын студенттери окушуп, ырдап жүрүшөт.

- Акыркы кезде чыгарган ырларыңыздын аттарын атай кетсеңиз?

- Маселен, акын Г.Шакированын сөзүнө элибиздин тагдырына арналган “Манастын мурасы” аттуу обонду жаздым.


Балбай Алагушов, Бишкек
XS
SM
MD
LG