Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

АЛАЙДА МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ИРИ ӨЛЧӨМДӨГҮ МАҢЗАТ МЕНЕН КОЛГО ТҮШТҮ


Алай районундагы Бордөбө чегара тосотунун жанынан Тажикстан тараптан келе жаткан автомашинада жергиликтүү милиция кызматкери ири өлчөмдөгү маңзат менен колго түштү. Маңзаттарын таркатууга каршы күрөшүүчү милиция кызматкеринин өзүнүн колго түшүшү аймакта түрдүү пикирлерди пайда кылууда.

Ош чегара отрядынын штаб зардалы Абдыкерим Абышаевдин айтуусунда, Кызыларт ашуусунан өтүп, Бордөбө чегара тосотуна жакын жерден тажик чегарасы тараптан кайтып келе жаткан УАЗ автомашинасын тинтүү учурунда, анын ичинен баштыкчаларга жашырылган заттар табылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аталган жүктүн жалпы өлчөмү 96 кг. 988 граммды түзүп, 28 килограммдан ашуун герион жана 68 кг. 455 грамм опийим маңзаты экендиги аныкталган.

Автоунаада отурган адамдын өздүгүн тактоо учурунда, ал Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн баңгизаттарына каршы күрөшүү боюнча кызматкери Бахрам Инаятов болуп чыккан:

- Кармалган кишинин аты Инаятов Бахрам Якубжанович. Өзү Кыргызстандын атуулу, 1965-жылы туулган. Мады айылынын тургуну. Текшерип, сурак болгондо, Алай РОВДынын капитаны болуп чыккан, - деди Ош чегара отрядынын штаб зардалы Абдыкерим Абышаев.

Ошол эле учурда Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматына таянуу менен, Ош облустук ички иштер башкармасынын пресс кызматынын ага инспектору Жеңишбек Ашырбаев кызматтык иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын белгилөө менен, бул окуяда милицияны каралоо боюнча жасалма иш аракеттер да болгон деген божомол бар экендигин телефон аркылуу билдирди:

- Биз бул иш боюнча учурда өздүк коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүп жатабыз. Андан сырткары кадрлар боюнча штабдын кызматкерлери тарабынан дагы иликтөө жүрүп жатат. Азыркы учурда колго түшкөндөр өздөрүнүн версиясын айтып атат, биз өзүнчө операция жүргүзүп аткан элек деп. Мунун канчалык чындыгы бардыгына тергөө гана чек коет.

Аталган окуя боюнча кылмыш ишин иликтөөнү маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча агенттиктин түштүк башкармалыгынын тергөө тобу жүргүзүүдө.


Кубанычбек Жолдошев, Ош

XS
SM
MD
LG