Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

ЖАПОНДОР ЫРДАШТЫ КЫРГЫЗ ЫРЛАРЫН, “НУКУРА КЫРГЫЗДЫН” АКЧАСЫ ҮЧКӨ БӨЛҮНГӨНДӨ


(Өткөн аптанын маданий окуялары)

Бул жумада Ош жергесинде Казакстандын Алматы облусунун маданият күндөрү өттү. Ага аталган облустун акими Серик Умбетов баштаган 104 адамдан турган делегация келди. Делегациянын курамында расмий өкүлдөр, маданий ишмерлер жана ишкерлер болду. Бул иш-чарага мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, маданият министри Султан Раев баштаган өкмөт мүчөлөрү жана расмий өкүлдөр катышты.
Маданий жана экономикалык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлгөн бул иш-чаранын алкагында жолугушуулар, маалымат жыйындар өткөрүлүп, казак сүрөтчүлөрүнүн жана кол өнөрчүлөрүнүн эмгектерин чагылдырган көргөзмө ачылды. Ошондой эле Султан Ибраимов атындагы Ош облустук драма театрында Алматы облусунун жана жергиликтүү өнөрпоздордун биргелешкен концерти болду. Ош облустук маданият башкармалгынын жетекчиси Исрадин Аманбаевдин билдиргенине караганда эми бул иш чара Алматыда уланмакчы.

21-сентябрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Нукура кыргыз” теледолбоорунун сыйлыктарын тапшыруу аземи болду. Бул долбоордо алгач баш байге гана белгиленип, бир гана жеңүүчү аныкталып, ошол адамга 100 миң сом ыйгарылмак болгон, бирок катышуучулардын сунушу менен ал 100миң сом үчкө бөлүнгөн. Ошентип биринчи орунга белгилүү манасчы Рыспай Исаков татыктуу болуп, ага 40 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылды.
Экинчи орунга ээ болгон Улан Сатыбаев бул орунга көптөгөн кыйынчылыктар менен жетиштим деди:
-Сыноо аябай оор болду. Мен экинчи орунга жөн эле жетишкен жокмун. Ал жерден бутумду кайрып алдым, улак тартыштан эки кабыргамды сындырдым. Мына ошондой кыйынчылыктардын артында араң экинчи орунга ээ болдум.
Белгилей кетсек бул теледолбоорго ар тармактан тандалып алынган жыйырма адам катышкан.

22-сентябрда мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанат өттү. Коомчулуктун катышуусу менен өткөн бул иш чарада кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн бир катар инсандарга ардак грамоталар жана төш белгилер тапшырылды. Иш чаранын алкагында ошондой эле “Ырдайлы кыргыз ырларын!” аттуу эл аралык фестивалдын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Аталган фестивалга жалпысынан 24 улуттун өкүлдөрүнөн жүздөн ашык өнөрпоз катышты.
Фестивалдын талабына ылайык катышуучулар музыкалык аспапта ойноп, кыргыз элинин улуттук бийлерин бийлеп, элдик оозеки чыгармалардан аткарышты. Калыстар тобу катышуучулардын аткаруу чеберчиликтерине, улуттук аспаптарда ойной билүүсүнө, мамлекеттик тилди даңктоо ырларына, тил байлыгына көңүл бурушуп Жапониядан келген “Сахна гүлү” аттуу комузчулардын тобун баш байгеге татыктуу деп табышты.
Ошентип Жапониядан келген комузчу кыздар Кыргыз өкмөтү тарабынан берилген 50 миң сом сыйлыкка ээ болушту. Мындан сырткары үч орунга акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле катышуучулар кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты. Ал эми сыйлыктар калыстык менен бөлүштүрүлдүбү деген суроо менен түрк улутундагы Абдулхафиз мырзага кайрылганыбызда ал мындай деди:
-Калыстар тобунун курамында биз тааныган акындар, композиторлор болду. Андыктан сыйлыктарды туура эле бөлүштүрдү деп ойлойбуз. Биз ыраазыбыз.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү, улуттар арасында биримдикти жана ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган бул эл аралык фестиваль келерки жылы да улантылмакчы.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG