Рамадан- мусулмандар үчүн тынчтыктын айы. Андыктан, Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики шииттер менен суннилерди Рамадан айын айынын элдешүү үчүн пайдаланууга чакырды.
Багдаддын тургуну Абуд орозо маалында өлкөдө убактылуу болсо да тынчтык болот деген үмүттө:
– Бул ыйык ай, анткени аны Алла өзү тандап алган. Биз бул айда бардык ирактыктарды бириктирүү үчүн жана бардык ирактыктар тынчтыкта жана коопсуздукта жашоосу үчүн кудайга жалбарабыз.
Абуд менен премьер-министр ал-Маликинин сөзү согушчулдарга жетпегендей. Рамадан айынын алгачкы күнү - 23-сентябрда Багдаддын шиит калктуу Садр шаарчасында болгон террордук чабуул кеминде 30 кишинин каны төгүлдү. Эртеси жекшемби күнкү жардырууларда жана кол салууларда ирактык 28 жаран, америкалык эки жоокер курман болду.
Израил армиясы менен хизболлачылар ортосундагы 34 күндүк согушта катуу кыйроого учуруган Бейруттун калкы уруштун кесепетинен азык-түлүктүн кымбаттап кеткенине нааразы. Бейруттук Илхам Немани айым алты баласын кантип багам деген кыжалатта:
-Үч балалуу үй-бүлөдө жан бакса болот. Бирок, менин алты балам бар. Мен аларды кантип багам? Колумдан эмне келет? Баары эле кымбат болгондуктан, биз үчүн абадан кыйын болууда. Такси менен автобустарга да мурдакыдан көп төлөчү болдук. Биздин айлык маянабызды көбөйтпөсө, биз эмнеге көп төлөшүбүз керек?
Ливанда согуштун кесепетинен тамак-аш, кийим-кече, унаанын кымбаттаганы аз келгенсип, Израил да 2 айдан бери өлкөгө тыштан келген унааны киргизбей кыйноодо.
Иран бийликтери орозо маалында мал жана тоок эти элге арзан баада таркатылаарын жума күнү жарыя кылды.
Эң чоң мусулман калктуу өлкө Индонезияда, Мисирде, ошондой эле калкынын көбү тарса-католиктер болгон Филиппинде Рамадандын биринчи күнү мечиттерде жалпы элди тынчтыкка жана мунасага чакырган намаз окулду.
Маниладагы Алтын мечиттин имамы Ронни Пусака мусулмандарды Рамазанда эмес, башка айларда да өз ара жакшы мамиледе болууга үндөдү:
-Биз Рамазан айында гана жакшы болбостон, жыл он эки ай же жыл бою бир бирибизге жакшы мамиле жасасак болот жана жакшы мамиледе болушубуз абзел.