Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

АПТАНЫН АФИШАСЫ : МУКАНДЫН АШЫ, ҮРКҮНГӨ АРНАЛГАН КӨРГӨЗМӨ, УРМАТ ҮСӨНОВДУН КОНЦЕРТИ


Бул жумада көрүнүктүү обончу-ырчы, Мукан Рыскулбековдун ашы өткөрүлөт. Ага карата улуттук филармонияда эскерүү кечеси өтөт. Мукан Рыскулбековдун карындашы, кеченин уюштуруучусу Анаркан Рыскулбек кызынын айтымында эскерүү кечеде маркумдун обондору да белгилүү ырчылардын аткаруусунда жаңырмакчы. Кечеде ошондой эле Мукан Рыскулбековдун ашына карата чыгарылган китептин бет ачары болот.

-Китеп төрт бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүмүндө өзү менен бирге жүргөн курбуларынын, кесиптештеринин жана жакындарынын эскерүүлөрү кирди. Андан кийнки бөлүмүндө ата-журт, мекенге арналган ырлары кирди. Үчүнчү бөлүмүндө болсо махабат сүйүү ырлары, акырында балдарга арналган чыгармаларын койдук.

Маркум тирүү кезинде ниет кылган бирок ишке ашпай калган ойлорун көзү өткөндөн кийин жакындары жасаганга аракет кылып жатабыз деди Мукан Рыскулбековдун карындашы Анаркан Рыскулбек кызы.
Эскерүү кечеси 29-сентябрда улуттук филармонияда өтөт.

Мындан сырткары бул аптада мамлекеттик тарых музейинде үркүндун токсон жылдыгына арналган көргөзмө ачылат. Анда жаңы жаралган тарыхый адабияттар, жана жакынкы экспедициянын материалдары коюлат.

26-27-сентябрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда эстрада ырчысы Урмат Усенов алгачкы жеке концертин өткөрөт. Ал эми кеченин программасы туурасында ырчы мындай деди.

-Концерттик программада бир топ өзгөчөлүктөр бар десем жаңылышпайм. Кечеде ырдалчу ырларымдын дээрлик элүү пайызы жаңы чыгармалар ырдалат. Ошондой эле сахналаш досторум менен жаңы дуеттерди аткарам.

29-сентябрда Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде еврей сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылат.

30-сентябрда жаш ырчы Илияз Абдыразаков «Арманым» аттуу алгачкы тушоо кесүү концертин өткөрөт. Кечени бир катар ырчылар жана бий топтору коштойт.

Жекшемби күнү улуттук филармонияда джаз музыкасын сүйүүчүлөргө Германиядан келген музыканттар жагымдуу кеч тартуулашат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG