Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

ЖАЛАЛАБАТ : ЖЕР БАСЫП АЛГАНДАР МАНАСТЫ БОШОТУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШТЫ


Жалалабатта жер басып алган адамдар 25-сентябрда түшкө чейин облустук прокуратуранын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар өздөрүнүн башчысы Манас Бектемировдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, абактан бошотууну талап кылышты.

Облпрокуратуранын алдында турган 250 дөй жер басып алган кишилер башчысы Манас Бектемировду бошотууну талап кылды. Райкан Абдыкадырованын айтымында жер ээлөөнү Бектемиров баштаган эмес. Үй-жайсыз адамдардын өтүнүчү менен аларга башчы болуп калган.

Анын жетекчилигиндеги адамдар депутат Кадыржан Батыровдун демилгеси менен өткөн өзбек тилине расмий тилдин макамын берүү митингисине нааразы болушкан. Ага жооп иретинде депутатка тиешелүү деп эсептелген жер аянттарын, кийин Батыровго караштуу “Темирташ” акционердик коомун, июль айында жайдак жери калган канаттуулар фабрикасынын аймагын басып алышкан. Райкан Абдыкадырова башчысы бошотулбаса, Бишкекке дейре барууга камдуу экендигин билдирди:"Төрт миң адамдын атынан балабызды чыгарып бер деп суранып кетер элем. Болбогон шылтоо менен эле камап атышат. Чыгарып бербесе эл көтөрүлүп, Бишкеке чейин барабыз".

Түштөн кийин алар нааразылыгын облбийлик менен Барпы театрынын ортосундагы бакта улантышты. Анда Манас Бектемиров бошотулгуча таркабоо чечимине келдик, дейт жер ээлегендердин өкүлү Токтокан Токоева:"Манас чыкпаса биз эч жакка жылбайбыз, жүргөнүбүз жүргөн. Качан Манас колубузга тийгенде гана тынабыз".

Нааразылык билдиргендердин 7 өкүлүн Жалалабат шаар прокурорунун орунбасары Сүйүнбек Сатыбалдиев кабыл алды. Анын айтымында Манас Бектемиров учурда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүндө кармалууда. Бектемировдун ишин аны камакка алган райондун соту чечет. Жалалабат шаар мэриясынын доосу боюнча аталган калаанын прокуратурасы ага каршы өзүм билемдиги үчүн кылмыш ишин козгоп, ага тиешеси бар деген Манас табылбаганда ишти токтотуп койгон: "Өз билемдик деген берененин негизинде иш козголуп, иштин мөөнөтү бүткөндө издөө жарыяланган. Манас биздин өндүрүштө эмес, ал Өзгөндүн сотунун өндүрүшүндө. Ошондуктан силердин суранычыңарды биз канаттандыра албайбыз. Манас боюнча Өзгөндөн чечим чыксын, анан Жалалабатка алып келген күнү силердин сурооңорду карап беребиз".

Жер басып алгандардын өкүлү Бегай Исраилова Өзгөнгө барып келген. Анын билдиришинче, Манас Бектемировго бөөдө айып тагылууда:"Манас ал жерде болбогон нерсе үчүн отурат. Биз барын териштирдик, сотко эч ким келген жок. Бул жогорку жактан болуп атат, бул коррупция".

Буга чейин депутат Кадыржан Батыров жер басып алгандарга чара колдонуу өтүнүчү менен укук коргоо уюмдарына кайрылганын билдирген:"Чындыгында бул жерде 5-6 кишиден турган организация бар. Буларды отургузуш керек. Булар элди чакырган. Бул өндүрүш аянт, санитардык жактан да эл жашаганга болбойт деп элге түшүндүрсө эл кетет. Бирок аны түшүндүргөн киши жок."

XS
SM
MD
LG