Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:51

26-СЕНТЯБРЬ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Орус аскерлери Сырдарыядан өтүшүп, 1875-жылдын 26-сентябрында Ош шаарын басып алышкан. 1929-жылдын бу күнү Кыргызстандын калкы сабатсыздыкты жоюнун бир айлыгына катышышты.

1875-жылкы Кокон хандыгына каршы чыккан кыргыздар менен кыпчактардын көтөрүлүшү хандык үчүн эле эмес, мында үстөмдүк орнотуу максатын көздөгөн Россия империясы үчүн зор коркунуч жараткан. Ошондуктан орус бийлиги Кокон ханы Насреддинге козголоңчуларга каршы биргелешип аракет көрүү сунушу менен кайрылган. Хандык тарабынан колдоо алынган соң орус аскерлери кыргыздар менен кыпчактарга каршы согуш аракетин көрүп башташкан. Орус аскерлери Сырдарыядан өтүшүп, 1875-жылдын 26-сентябрында Намаганга чыгышып, көп өтпөй Ош шаарын басып алышкан.

1916-жылдын бу күнү Жетисуу областындагы Пржевальск уездинин полковниги Иванов кыргыздардын көтөрүлүшү жана анын жүрүшү туурасында түшүндүрмө берген. Ал уездде башталган көтөрүлүштү хронологиялык тактык менен калыбына келтирип, көлдүн түндүк аймагын каптаган кыймыл туурасында маалымат берет. Анын жазганына караганда кыргыздардын көтөрүлүшү Сазановка айлынан башталып, Пржевальск шаарын курчоо менен аяктаган. Ал көтөрүлүшкө каршы кандай чаралар көрүлгөндүгүн, берилген буйрук жана алардын аткарылышы туурасында кең-кесири маалымат калтырган.

1919-жылдын сентябрь айында басмачылар жана ак гвардиячыл күчтөр Ош шаарын басып алышкан. Шаарды бошотуш үчүн Совет бийлиги зор күч жумшап, контрреволюциячыл күчтөргө каршы чечкиндүү чабуулга өткөн. Ак гвардиячылар кызыл аскелерди Куршаб кыштагынын кашынан тосушуп, бир жарым саатка созулган айыгышкан согуш жүрдү. Натыйжасында козголоңчулар оор жоготууга учурап, 1919-жылдын 26-сентябрында Ош шаары басмачылар менен ак гвардиячыл отряддардан бошотулган.

1929-жылдын бу күнү Кыргызстандын калкы сабатсыздыкты жоюнун бир айлыгына катышышты. Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу комитетинин чечимине ылайык республика аймагында жашаган 40 миң жумушчу жана дыйкандар окуу партасына отурушуп, колуна калем кармап китеп окуу аракетинде болушту. Сабатсыздыкты жоюнун негизги максаты, бай-манаптардын бузуку иштерин түбүнөн таанып аларга каршы сабаттуу күрөшүү болгон.

Бу күнү, 1960-жылы Кеннеди менен Никсон биринчи жолу теледебатка чыгышып, 1820-жылы орус экономисти, славянофилствонун идеологу Дмитрий Валуев, 1845-жылы Карл Маркстын кызы Лаура Лафарг, 1849-жылы орус физиологу, Россиядан биринчи чыккан Нобель сыйлыгынын лауреаты Иван Павлов, 1863-жылы атактуу чыгыштаануучу Сергей Ольденбург, 1888-жылы америкалык акын, Нобель сыйлыгынын лауреаты Томас Элиот, 1934-жылы атактуу актер Олег Басилашвили жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG