Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

АТАКТУУ КОМПОЗИТОР ШОСТАКОВИЧ 100 ЖАШТА


Элеонора Куленбекова Дүйнөдө Советтер Союзундагы эң атактуу композитор деп таанылган Дмитрий Шостакович 1906-жылы Санк-Петербургда теги Польшалык үй бүлөдө төрөлгөн. Ага баардыгы болуп 15 симфония, 2 опера, алты концерт, 15 квартет, 3 балетке жана киного жазылган чыгармалар таандык.

Шостаковичтин өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча Орусиядагы жетекчи адистердин бири Оксана Дворниченко композитор менен анын өмүрүнүн акыркы жылында 1974-жылы таанышканын эскерет:

"Ал катуу оорулуу болчу. Саламдашып жатканда бир колун бир колу менен таяп тураар эле. Ал тургай нота жазуу да оор болуп калган. Бирок буга карабастан композитор чыгармачылыгын токтоткон эмес. Көз жумаарга жакын да көптөгөн жаңы чыгармаларды, Чеховдун «Кара кечили» боюнча опера жазуу пландары бар эле".

Шостаковичтин кылдуу аспаптар үчүн квартеттери жана симфониялары ага ХХ кылымдын Бетховени деген наамды алып келген.

Шостаковичтин чыгармачылыгы тууралуу сөз кылганда, анын Советтик жетекчилик менен болгон мамилесин кыйгап өтүү болбос. Катаал идеологиялык режимди жактырбаган композитордун артынан тыңчылар аңдып, анын дүйнөдө таанылган музыкасына өз мекени – Советтер Созунда 2 жолу тыюу салынган.

«Леди Макбет» операсынын айынан анын тоталитардык режим менен болгон алгачкы чатагы келип чыккан.

1936-жылдын январь айында бул операны Сталин көргөн 2 күндөн кийин «Правда» гезитинде композиторду буржуаздык формалдуулук учун күнөөлөп жазган макала жарык көргөн. Натыйжада операны коюуга тыюу салынган. Ушул эле айып ага 1948-жылы да дагы бир жолу тагылган. Бирок бул жылдары ал Сталинге, Ленинге арнап чыгармаларды жаратып, бир топ сыйлыктарга ээ болуп калган кез эле. Ал тургай ал СССРдин Жогорку Кеңешинин мүчөсү да болуп калган.

Шостакович 1973-жылы диссидент-физик Андрей Сахаровду айыптаган катка кол коюу менен кийин бул кылыгы үчүн өзүн эч качан кечире албасын айткан.

Ар кыл архивдерден ар түрдүү документтер менен таанышып композитордун кандай абалда болгонун элестетүү мүмкүн эмес. Анткени анын ар бир кадамы жада калса өмүрүнүн акырына чейин көзөмөлдө болгон. Бул кылдат каралчу маселе. Жылуу-жумшак китепканаларда отуруп алып эле, ал тууралуу коркок болгон, жең ичинен кат алышууларга катышкан деп айыптоо оңой. Биз билгендей өмүрүнүн соңку жылдары композитор өз жанын кыюуга даяр эле.

Шостаковичтин эң сүйүктүү чыгармасы катары анын 7-симфониясын атап келишет. “Ленинград симфониясы” деген ат менен көбүрөөк белгилүү бул чыгарма 1941-жылы жазылып, кийинчерээк эл арасында фашисттик кол салууга каршы туруу эмблемасы катары кабылданып калган.

Дмитрий Шостакович кыргыз жергесине келип кеткен. 1963-жылы июнь айында Бишкекте кыргыздардын Орусиянын курамына ыктыярдуу кошулушунун 100 жылдыгы белгиленип, орус музыкасынын 10 күндүгү уюшулган. Ага Шостакович орус композиторлорун жетектеп келген. Ысык-Көлдөгү жолугушууларда комузчу Ыбырай Туманов Шостаковичке кыргыздар тууралу музыка жаратуу өтүнүчү менен кайрылган. Жыйынтыгында кыргыз-орус элдеринин өткөндөгү тагдырын, карым-катнашын камтыган атайын увертюра жаралган.
XS
SM
MD
LG