Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

БИЗНЕС ЖАНЫЛЫКТАРЫ : ГҮЛ ЖАНА ЖЕЛЕК


Жаңыл Жусубжан. Гүл көркөмдүгү менен көздүн жоосун алып, буркураган жыты менен көңүлдү көтөрөт эмеспи. Ошондуктан гүл соодасы эбактан келаткан кирешелүү тармак болуп саналат. Учурда бул тармакта Кытай өз үлүшүн алууга тап коюп жаткан кез. Ал эми кадимки эле желек менен сооданын дүйнөлүк гео-саясатка кандай тийешеси бар?

Гүлдесте сатыгында Кытай Голландия менен ат салышка түшө турган болууда. Бул дөөнүн кумурска менен кармашы го дээрсиз. Бирок иш жүзүндө Голландия бармак басымдай өлкө болгону менен, гүлдесте сатыгында эч башка өлкө аны менен тең тайлаша албайт. Ошондуктан, Кытай андан биринчиликти талашпастан, болгону ага жакындап келүүнү көздөйт. "Биз 10-15 жыл ичинде Азиядагы эң ири гүл өндүрүп сатуучу өлкө болгубуз келет. А балким дүйнөдө Голландиядан кийинки орунду ээлеп калгыбыз бардыр", деп айтты Кытайдын Юнан провинциясынын Гүлдөр Ассоциациясы деп аталган өкмөттүк агенттигинин жетекчисинин орун басары Ли Гаң жакында Нью-Йоркт Таймс" гезитине.

Кытай өкмөтү кесилген гүлдөрдүн экспортун азыркыдан төрт эсе көбөйтүп, 2010-жылга чейин 200 миллион доллардык чекке жетүүнү пландоодо. Бул деген 1 миллиард гүл өстүрүлүшү керек дегенди билдирет. Бейжин ансыз деле коммерциялык жактан өсүп-өнгөн чыгыш жээкте эмес, жакырчылыктан кутулууга шыбагасы тийип калаар деген үмүт менен ички аймактардын дыйкандарын гүл өстүрүүгө үгүттөөдө.

*******

Бирөөнүн башына түшкөн мүшкүл кээде башка бирөөнүн ырыскысына айланган учурлар болот эмеспи. Бул дүйнөдөгү эң ири желек соодагери болгон интернеттеги "Мистер Флэг дот ком" сайтына жакшы белгилүү. Дүйнөнүн бир бурчунда чоң чатак чыкса, ага карата өз позициясын билдиргиси келгендер желек сатып ала башташат. Аталган сайттын ээси Чарлз Эшбөрнердин айтымында, Израилдин Ливандагы Хезболла менен жакындагы согушунда, желек соодасы айрыкча жакшы жүрдү:

"Жер шарынын бир жеринде чоң окуя болсо, айрыкча талаш күчөп, бүйүр кызыганда соодабыз жакшы жүрөт. Адатта жумасына Израил менен Ливандын ашып кетсе 10-12 желегин сатчубуз. Ал эми согуш катуу жүрүп жаткан чакта жумасына Ливандын 200-300 желегин, ал эми Израилдин 75-100 желегин саттык".

Эки жыл мурдагы Индия мухитиндеги цунами, жана АКШдагы 11-сентябрь чабуулдары сыяктуу кырсыктардан кийин да желектерге суроо-талап кескин өсөт.

Кээде желектерди өрттөш үчүн сатып алышат. Мисалы быйыл даниялык гезитте Мохаммад пайгамбарды келекелеген сүрөттөр чыккандан кийин, сөз болуп жаткан интернет-дүкөндө Даниянын адатта бир жылда сатылган сандагы желектери эки жумада өтүп кеткен. Бирок желек өрттөгөн ден соолукка зыян алып келиши мүмкүн деп эскертет дүкөн ээси:

"Кээде айрымдар алдын ала биз муну өрттөйбүз деп айтып, 6-10дон желек алган учурлар болду. Мындай соода көп болгондуктан, биз зарыл кеп-кеңешибизди бере баштадык. Анткени бүгүн желектер полиестерден жасалат, ал жогорку температурада эрий баштайт, ошондуктан ал өрттөөгө жакшы эмес. Желек жалбырттап күйүп жатканда булгаласаңыз, полиестердин ысык тамчысы адамдарга тамышы мүмкүн, мындай кылган жакшы эмес".

Учурда аталган интернет сайтта Венгрия менен Таиланддын желектери жакшы өтүп жаткан кез.

XS
SM
MD
LG