Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

ЕВРОПА БИРИМДИГИНЕ ЖАҢЫ ӨЛКӨЛӨР КОШУЛАТ


1-январдан тартып Европа Биримдигине мүчө болуп Болгария менен Румыния кошулууга тийиш. Ал жөнүндө Европа комиссиясы 26-сентябрда расми түрдө жарыялайт. Бул окуя тууралуу азыр ар башка пикирлер айтылууда.

Айрым европалык саясатчылардын айтымында, мындан үч жыл мурда Болгария менен Румынияга ал тууралуу убада берилгенде, абдан чоң ката кетирилген, анткени Европа Биримдигине кирген мүчө-мамлекеттеринин саны эмне үчүн көбөйө бериш керек экенин түшүндүрүү кыйын. Бир чети Европа Биримдиги бүткүл дүйнөгө - демократиялык эрежелер менен кантип жашаш керек экенинин үлгүсүн көрсөтүүдө, бирок уюмга улам жаңы мүчөлөр кошулган сайын андай стандарттар өздөрү өзгөрүүдө деген пикирлер арбын.

Мисал үчүн, үстүбүздөгү жылдын май айында Румыния менен Болгарияга шарт коюлуп, 10 ар башка тармакта реформа жүргүзүү сунушу жасалган, бирок аталган укук системасы же коррупцияга каршы күрөшүүдөгү жагдайды жарым жылдын ичинде кескин өзгөртүү мүмкүн эмес экенин дагы баары түшүнөт.

Анткен менен убада берилген Болгария менен Румынияны кабыл албай коюу андан да көп маселе жаратышы мүмкүн деген пикирлер көп. Батыш мамлекеттеринин калкы арасында болсо чексиз кеңейүүгө каршы маанай күчтүү жана былтыр Франция мене Нидерланддын эли Евробиримдиктин бирдиктүү конституциясына каршы чыкканы - анын белгилеринин бири.

Мүчөлүккө талапкер өлкөлөрдүн калкы арасында дагы Биримдикке каршы чыккандар бар, мисал үчүн, уюмга кошулуу менен Румыния же Болгария сыяктуу майда калктар өз өзгөчөлүгүнөн айрылат деген пикирлер күчтүү: "Эң биринчи коркунуч - Румынияга келе турган ири эл аралык компаниялардан чыгууда. Чоң балык дайым кичине балыкты жутуп салат - бул атаандашуунун айныгыс эрежеси", - дейт румыниялык ишкер Жолт.

Анткен менен Биримдикке мүчө болуп кирүүнүнү артыкчылыктары да көп - мисал үчүн чек аралар ачылат, артта калган экономикаларга такай жардам көрсөтүлөт жана деги эле өнүккөн мамлекеттер менен кошо бир уюмда болуу көптөгөн башка пайда алып келет. Ошондуктан Биримдикке азыр Хорватиядан тартып Түркияга чейинки мамлекеттер мүчө болуп кирүүгө умтулууда. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунда төрагалык үчүн күрөшүп жаткан Казакстан дагы жакында Европа Биримдигине мүчө болуп кирүүнү каалаганын билдирди.

Казак дипломаттарынын айтымында, Казакстандын Европага таандык аймактары - Европа Биримдигине кирген кайсы болбосун мамлекеттикинен чоң. Түркия дагы - анын кичине бир бөлүгү Европада жаткандыктан европалык мамлекет болуп эсептелинет. Алманияын мурдагы тышкы иштер министри Йошка Фишер болсо жакында Ыстамбул шаарында өткөн конференцияда - эгер Түркия Биримдикке кабыл алынбаса, Анкара, Маскөө жана Тегеран өз алдынча уюм түзүшү мүмкүн деп билдирди.







Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG