Дүйнөлүк таймашка жыйырма бир балбандын ордуна каражаттын тартыштыгынан Кыргызстандан грек- рим күрөшүнөн 3 жигит, эркин күрөштөн 4 балбан жана 3 кыз катышып жатышат.
Дүйшөмбү күнү грек-рим күрөшүнөн күч сынашуулар башталып, Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү кыргызстандык Канат Бегалиев 4 атаандашын артыкчылык менен жеңип, баш байге үчүн талапкердин бири болгон. 66 кг. салмактагы дүйнө чемпионунун алтын байгеси үчүн Канат Бегалиев кытайлык Ли Янян менен беттешип, биринчи жана экинчи бөлүктө 4 упай менен утуп жатып, акыркы 15 секунда калыстар Канатты партерге коюп, кытай балбанына артыкчылык берип койгон. Канатты кытайлык атаандашы килемден көтөрүп, оодарып кеткени үчүн калыстар дароо беш упай беришип, жеңишти ага ыйгарып коюшкан дешет спорт адистери.
Ошентсе да Кыргызстандын күрөшүнүн тарыхында дүйнөлүк чемпионаттагы биринчи күмүш медалы экенин өлкөнүн грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Алмаз Касенов кубануу менен билдирди.
"Канат Бегалиев дүйнө чемпионатынын күмүш медалын тагынды. Ал Кыргызстанды даңазалады. Мурда Кыргыз спортунун тарыхында 1999- жылы Маркум Раатбек Санатбаев гана дүйнө чемпионатынын коло байгесине татыктуу болгон. Бул жолу да калыстардын айынан алтын байгеден куру калдык. Дагы таймашуулар али алдыда. Бүгүн кечинде 75 кг. салмакта күрөшүп жаткан Данияр Көбөновдон дагы үмүт үзбөй туралы",-дейт Алмаз Касенов.
Кыргызстанга дүйнө чемпионатынын күмүш медалын утуп берген Канат Бегалиев августа Монголияда өткөн студенттердин дүйнөлүк чемпионатында коло байге утуп алып, табына келип турган учуру эле.
Уулунун ийгилигине кубанган Канаттын апасы Батма Бегалиева алгач күрөшкө барышына каршы болгонун эскерип, учурда Кыргыз улуттук университетинде экономика факультетинде 4-курста окуп жатканын айтып, машыктыруучусу Майрамбек Ахметовго ыраазычылык билдирип, эсенчилик тиледи:"Монголиядан студенттер арасында дүйнө чемпионатынан коло медаль утуп келгенине 4 жумадан ашса да бир жетекчи да куттуктап, Канаттын көңүлүн сурап койгон эмес. Мындай жигиттер көчө таптап, оюн-күлкү менен жүрүшсө, балам күндө 2 маал машыгып, эл намысы деп башын сайып, баарынан кечип жүрөт. Алгач күрөшкө баруусуна каршы болуп, “мал баксын, отун алып, бизге жардам берсин” деген элем. Атасы менен машыктыруучусу Майрамбек Ахметов суранып жатып, Бишкектеги спорт окуу жайына алып кетишкен. Баламдын багын байлап коймок экемин. Азыр кубанып турам. 4 уул, 2 кызыбыз бар, Канат төртүнчүсү. Университеттеги окуусуна да, спортко да жетишип жатат".
Дүйнө биринчилигинде мөөрөй алган Канат Бегалиевге Кыргыз дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиги 50 миң сом сыйлык белгилеп, машыктыруучусу Майрамбек Ахметовго 25 миң сыйлык тартууламак болду.
Жеңил салмакта кыргызстандык спорт чебери, Азия чемпионатынын жеңүүчүсү, жаштар арасында дүйнөлүк биринчиликте коло байге уткан Ринат Усупжанов чоңдор менен таймашууда финалдык топко кошула албай, ийгилик жарата албады. Себеби ал мурда 60 кг. салмакта күч сынашып, былтыр жаштар арасында дүйнө чемпионатынын коло байгесине татыктуу болгон. Бул жолу Кытайдагы дүйнө чемпионатында Ринат Усупжанов он кг. чейин салмак түшүрүп, эң жеңил салмакта күрөштү. Ошондуктан ийгиликке жетпей калды дешти спорт адистери.
Ошондой эле Кытайдын Гуанчжоу шаарында грек-рим күрөшүнөн таймашуулар бүгүн кечинде жыйынтыкталып, учурда Данияр Көбөнов килем үстүндө күч сынашып жатат.
Эртең эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын таймашуулары башталат. Мында Кыргызстандын намысын жаштар арасында дүйнө чемпиону Ильяс Өзүмбеков, Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Талант Жекшенов, Самат Толубаев жана былтыркы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, 14-Азия оюндарынын күмүш медалын уткан Алексей Крупняков коргойт.
Кытайдагы кыздардын дуйнөлүк эркин күрөш таймашына Азия чемпионатынын бир нече ирет жеңүүчүсү Янна Панова, Календарова жана Нурзат Шайлообаева катышып жатышат. Алар 29-30- сентябрда күрөшкө түшөт.
Кыргыз спортунун тарыхында алгачкы ирет жаштар арасында дүйнө чемпионатында былтыр коло байге уткан кыргызстандык Жылдыз Эшимовага спорт жетекчилери убада кылган үйдү беришпегендиктен ал Казакстанга кетип калып, алардын намысын коргоп жатканы өкүнүчтүү.