Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:37

Д.ШОСТАКОВИЧТИН “ОРУС ЖАНА КЫРГЫЗ ТЕМАСЫНА ЖАЗЫЛГАН УВЕРТЮРАСЫ”


Орустун дүйнөлүк ысымдагы классик композитору, коомдук ишмер, СССРдин эл артисти, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Эл аралык тынчтык, Мамлекеттик, Лениндик сыйлыктардын лауреаты Дмитрий Дмитриевич Шостакович тирүү болгондо үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында 100 жашка чыкмак.

Мына бул кыргыздын ак карлуу Алатоосунун ак селдесин элестеткен ак калпакты кийген дүйнөлүк ысымдагы орустун улуу композитору Дмитрий Шостаковичтин сүрөтүн көргөн сайын өмүр бою көкүрөгүмө өчпөс болуп жазылган тарыхый салтанаттуу бир окуя көз алдыма тартылат. Бир эле мезгилде бассам-турсам да он күн бою Алатоонун койнунда таңшыган орус, кыргыз шайырларынын концерттери да кулагымда жаңырат.

1963-жыл. Жаңыдан жаңырган июнь айынын башы. Бишкекте кыргыздардын Россиянын курамына ыктыярдуу кошулганын жүз жылдык мааракесине арналган орус музыкасынын он күндүгү салтанаттуу ачылды. Россиялык композиторлорду, музыканттарды айтылуу Д.Шостакович жетектеп келген эле. Он күндүктүн ачылышынан кийин меймандар эки топко бөлүнүштү. Композиторлор Дмитрий Шостакович, Вано Мурадели баштаган ырчылардын, музыканттардын жоон тобу айылдык эмгекчилер менен жолугуш үчүн Ысыккөлгө, ал эми композиторлор В.Власов, В.Фере жетектеген шайырлар Ош аймагына сапар алышат. Көптөгөн жолугушуулардын ичинен Ысыккөлдүн атактуу Каркыра жайлоосундагы жолугушуу өтө кызыктуу өтөт.



Орус, кыргыз шайырлары кезеги менен биринен сала бири концерт берип жатты. Кезек 78 жаштагы улуу комузчу карыя Ыбырай Тумановго да келди. Ал өзүнүн залкар кайрыктарга бай “Жаш тилек” аттуу күүсүн черте баштады. Шостакович менен Мурадели карыя комуздан көздөрүн алышпай өзгөчө таңдануу, артыкча суктануу менен угуп жатышты. Ыбыкем күүсүн чертип бүттү да Шостаковичти карап: “Мен улуу композитор Шостаковичти өз көзүм менен көрдүм... Эми арманым жок...Биз андан кыргыздар жөнүндө музыка жазуусун суранабыз”, – дегенде сандаган угуучулар дүркүрөтө кол чабышып, коштоого алышты. Концерттин соңунда Шостакович Ыбыкеме басып келип учурашып, өтүнүчүн аткарарын айтты. Орус музыкасынын он күндүгүнүнүн салтанаттуу жабылышы азыркы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү. Ошондо композитор Д.Шостакович сөз алды.

“Сиздердин эң сонун республикаңарда биз болгон он күн зымырап өтүп, эң кызыктуу, унутулгус көп окуяларга жык толду. Адамдар менен жолугушуулардан биз эң эле сонун жаркыраган эсте калуучу таасирлерди алып бара жатабыз. Андай жолугушуулар кереметтүү Ысыккөлдө болгон топ жаратылыштын таң калаарлыктай сулуулугуна суктандык. Кыйын шарттарда күжүрмөндүк менен иштеп жатышкан дыйкандардын, чабандардын, саанчылардын албан эмектери, турмуштары менен таанышып, баардашканыбызга бактылуубуз”,- деген эле Шостакович.

Улуу композиторго кыргыздардын мейман достугу, кол менен жасап койгондой кооз жаратылышы, карапайым калктын күжүрмөн эмгектери күчтүү таасир эттиби, же карыя комузчу Тумановдун өтүнүчүн эске албыдыбы Шостакович он күндүктөн кийин орус, кыргыз элдеринин өткөндөгү тагдырларын, достугун, карым-катышын баяндаган орус жана кыргыз темаларында узактыгы он мүнөттү камтыган увертюраны жазат.
XS
SM
MD
LG