Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

МАМЛЕКЕТТИК ТЕЛЕКОМПАНИЯГА ОППОЗИЦИЯНЫН ДООМАТЫ КҮЧӨДҮ


Кыргыз мамлекеттик телекомпаниясын жетекчилигине ишеним көрсөтпөө, телеканалды коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу талабы менен өтө турган пикет белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов эки күн мурда жакын арада шайлоочулары жана жактоочулары менен мамлекеттик телекомпаниянын алдында пикет уюштураарын, ага телеканал соңку учурда бир жактуу маалымат таратууга өткөнү жана оппозициялык маанайдагы депутаттарга карата айтылган мазак пикирлер себеп болуп жатканын жарыялаган эле.

Депутат Мелис Эшимканов мындай пикеттин белгисиз мөөнөткө жылдырылышын «Реформа үчүн» кыймылынын штаб мүчөлөрү бүгүнкү жыйынында аны орозодон кийин, элдик курултайдан кийин өткөрөлү дешип, айтор бир чечимге келе алышпаганы менен түшүндүрдү. Мелис Эшимканов пикетти уюштурууга төмөнкү жагдайлар себеп болуп жатканын белгилейт:

- Кийинки учурда телекөрсөтүү жетекчилиги абдан бир жактуу болуп, президент Бакиевдин гана колуна суу куйган баланын кызматын аткарып калды. Өзгөчө Текебаевдин тегерегиндеги чатакта жалаң оппозициялык маанайдагы депутаттарды мазактаган, «камагыла, аткыла, эки жүздүү» деген ыплас пикирлерди берип жатат. Ушулардын баары депутаттардын, атуулдук коомдун кыжырына тийип жатат. А түгүл парламент коомдук-саясий резонанс туудура турган токтом кабыл алса аны теледен окуп койгонго жараган жок.

Маңзат чатагы боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдо мамлекеттик телекөрсөтүүнүн башчысы Кыяс Молдокасымовду кызматтан кетирүү сунушу да камтылган эле. Депутаттар муну бир телеканалдан бир тараптуу маалымат берилип жатканына негиздешкен. Ал эми Кыяс Молдокасымов мындай пикирлерге макул эмес:

- Бул окуяга байланыштуу эч кандай бир тараптуу материал кеткен эмес. Негизинен Өмүрбек Текебаевди бошотуу керек, бул провокация деген пикирлер кетип, акырында экинчи тарап катары Жаныш Бакиев менен Надыр Мамыровго сөз берилген. Мына ушул берилбеши керек эле деп, Мелис Эшимканов сөз эркиндигине басым жасап, токтомго жогорудагыдай пунктту киргизүү маселесин козгоп чыкты. Буга биз өз пикирибизди айткан соң эми Мелис Эшимканов чычалап, пикет уюштурам деп жатат.

Канткен менен соңку күндөрдө коомчулукта да мамлекеттик телекөрсөтүү бир тараптуулукка ыктап баратканы тууралуу пикирлер аз эмес. Белгилүү журналист Кубан Абдымендин пикиринде, чынында мамлекеттик телеканалдын бир жактуу болуп кетиши көпчүлүктү таң калтырууда. «Демек бул КТРдин азыркы саясаты бийликтин саясаты менен дал келип, коомчулуктун башка катмарларынын көз карашы менен дал келбей жатышын көрсөтүүдө»,- дейт Кубан Абдымен.

Азыр оппозиция, коомчулуктун кайсы бир бөлүгү талап кылып жаткан КТРди коомдук телевидениеге айлантуу маселеси былтыр март ыңкылабынан кийин козголуп, азыркы президент Курманбек Бакиев ага убада да берген. Бирок ушул айдын башында коомдук телекөрсөтүү боюнча парламент кабыл алган мыйзам долбоорун президент четке кагышы ар кыл пикирлерди, нааразылыктарды пайда кылууда.

Мамлекеттик телерадио жетекчиси Кыяс Молдокасымов болсо коомдук телевидениге айлантуу үчүн адегенде каржылык маселелерди чечүү керек дейт:

- Бул чүн биринчиден каржы маселесин чечип, мыйзамдык базаны коомдук телеге ылайыкташ керек. Ошондон кийин гана кабыл албаса, мыйзам көп мыйзамдардай ишке ашпай калат. Бирок МТРКны чыныгы элдик телевидениеге айлантуу үчүн биз да колдон келген аракетибизди жасап жатабыз.

Медиа өкүл Шамарал Майчиев болсо президенттин бул мыйзамга вето коюушун саясий маселеден гана көрөт:

- Мыйзам долбоору каржы маселесине көп деле тийиштиги жок болчу. Вето коюлушу саясий гана өнүттө болуп калды, анткени эгер мыйзам кабыл алынса, көзөмөл байкоочу кеңешке өтүп, маселе ошол кеңеш аркылуу чечилип калмак.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG