Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

АДАМ УКУГУН КОРГООЧУЛАР : ОРУСИЯДА РАСИЗМ КОРКУНУЧТУУ ЧЕККЕ ЖЕТТИ


Орусиялык адам укугун коргоочулар расалык себеп менен кылмышка баруу өлкөдө буга дейре эч болуп көрбөгөн чекке жеткенин бийликке улам маалымдашууда. Мындай жарыяны, маселен, «Расизмден эркин Орусия» элдик кыймылдын теңтайлаш төрайымы Татьяна Дорутина алдыңкы күнү Санкт-Петербургда индиялык студент өлтүрүлгөнгө байланыштуу жасаган. Кийинки учурда чет өлкөлүктөргө кол салуу тынымсыз болуп аткандыктан бийлик ага көндүм карап калды. Улуттук жек көрүүчүүлүк маанайда жасалган кылмыштарды көп учурда бийликтин ээнбаштык деген кинеге чегирүүсү мыйзамдан четтегендик болот деп айткан.

Орусияда буга дейре өңү славяндарга окшобогондорго улутчулдардын кол салуу мынчалык көп болгон эмес дешет. «Кийинки айлар, апталарда болгон Кондопога жана башка шаарлардагы талоон талкалоолор, мигранттарга кол салуулар, фашисттик улутчул уюмдардын көчөгө чыгуулары - ушунун баары бир өнүгүштүн жетилип келатышы – ап өнүгүштү орус фашизми дейт», - деп айттты «Расизми жок Орусия» кыймылынын жетекчилеринин бири Александр Винников.

Кондопогада көчөгө чыккан тургундар уу-чуусу мындай маанайда өткөн: «Агайындар! Келгиле, түкүнчөдөй кавказдыктарды калаабыздан кууп салалы!» - деген чакырыкка тургундар ушундай дуу-уу менен жооп беришкен.

Анализчилер эсебинде, орусиялык улутчул жаштардын өңү башкаларга жасаган чабуулу, бир эле (2006-жылдын – ММ) июль, август айларында жыйырма бештен ашкан.

Жекшемби, 24-сентябрде Индиядан келип окуп аткан Сингх Кумарды бычактап өлтүрүү коомчулуктун эсине орусиялык улутчулдарды дагы бир жолу салды. Санкт-Петербургда чет өлкөдөн келип окуп атышкан студенттер өздөрүнүн коопсуздугун талап кылышып калаа прокуратура имаратынын алдында митинг өткөрүшкөн.

Адам укугун коргочу «Жарандык көзөмөл» уюмунун жетекчисине орун басар Юрий Вдовиндин айтымында мыйзамсыз иммигранттарга каршы кыймылынын көкүтүүсү орусиялыктарды башка улуттарга касын тиктирип атат: «Мыйзамсыз иммигранттарга каршы кыймыл мыйзамсыз келип алып аткандарды тыюу ишин жасабай эле анын ордуна өңү славяндарга окшобогондор менен күрөш жүргүзүп атат», - дейт Вдовин.

Жогорку бийлик болсо өзүнө окшобогондорду жек көрүгө тыюу салууга көзргөзмө берип келет. Үстүдө жылдын жакасында журналисттер менен болгон баарлашуусунда Владимир Путин: «Башка улуттагы адамдарды жек көрүү же улутчулдук терсаяктык болгондо андай көрүнүшкө мамлекеттик бийлик органдары артыкча катаал мамилесин көрсөтүүлөрү керек!» - деген эле.


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG