Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

МУРАТАЛЫ АЖЫ : ОРОЗО КАРМОО АР БИР МОМУН МУСУЛМАНДЫН ПАРЗЫ


- Орозонун үч күнү өтүп калды. Мусулманчылыктын бул парзын аткарып жаткан биздин угармандарга кызык болсо керек. Орозонун келип чыгышы кайсы заманга барып такалат. Алгач тарыхтан айтсаңыз?

- Урматтуу момун мусулмандар! Албетте, Алла Таала орозо боюнча куранда ачык-айкын айткан. Мисалы Куранда “Эй иман келтирген пенделер, силерден мурдагыларга парз кылгандай эле, силерге да эсептелүү күндөрдө такыба болушуңар үчүн орозо кармоону парз кылдым, деп Алла Таала буйуруп атат. Демек, бул Куран мындан 1400 жыл мурда Алла Тааланын буйругу менен Пайгамбар уулуна түшүрүлгөн болсо, ошол кезде эле Рамазан айынын парз экендигин, Рамазанда Орозо кармоо парз экендигин Алла Таала баяндап белгилеген. Дагы бир тарыхта айтылат, Адам Алейкусаламдан калган окуя. Себеби Адам Алейкусаламды бейишке киргизип Алла Таала ушул мөмөнү жебегин дегенде, Адам Алейкусалам жеген, ал мөмө 30 күн бою курсагында сиңбей турган, Алла Талаага тобо кылган, тобосун Алла Талаа кабыл кылып, Адам Алейкусаламга 30 күн бою түнү жана күндүзү орозо кармоону буюрган. Ал эми Мухаммадга Алла Таала ырайымдуу, мээримдүү сыпаты менен күндүзү гана орозо кармоону буйурган. Тарыхта ушул маселелер да айтылат. Рамазан орозо айы башка айлардан айырмасы ыйык ай. Рамазандын ар бир күнү парз, рамазан айында орозо кармоону Алла Таала ар бир момун мусулманга парз кылган.

- Урматтуу ажы, таң аткандан тамак жебөө орозонун бир гана жобосу болсо керек. Анын дагы маанилүүлөрү көп болсо керек. Мисалы, руханий жактан тазалануу деген?

- Албетте, орозо Алла Тааланын буйругу менен, башка ибадат, башка сыйынуулардан айырмасы, мисалы намаз окуу, ажыга баруу, зекет берүүдөн айырмасы бул жашыруун сыр ибадат. Орозо кармаганды бир гана ошол орозо кармаган адам өзү билет, анан жараткан Алла Таала билет. Ошол себептен Алла Таала бул орозоңор мен үчүн, мунун сообун мен өзүм берем деп айткан. Руханий жактан ички дүйнөнүн тазалануусу, ден-соолуктун бекем болуусу, адам чыйралып, зирек болуусу, ошону менен бир катар Алланын буйругу, болгон парзын аткаруу турат бул жерде. Орозо кармаган эртең менен таңжууктан баштап күн батканга чейин жебей-ичпей, жыныстык мамиледе болбой убакыт өткөрөт. Дагы бир хадисте айтат, ушул эле тартипти кармоо орозо эмес, балким жаман, ыплас, арам нерселерден, ушак-айың, бирөөгө жамандык кылуу, кан төгүү, согушуу, урушууга окшогон жаман нерселерден өзүн токтотуу менен ал адам чыныгы орозо болот, ошондо чыныгы соопко ээ болот деген пайгамбарыбыздын осуяттары бар. Эгер орозодо сени кимдир-бирөө урушуп, сөгүп акаарат кылган болсо сен ага “мен орозо кармап алган элем, досум” деп жооп бергиң деген пайгамбардын осуяттары бар.

- Орозонун убактысы бир кылымда үч ирет алмашат деген туурабы? Азыр жай мезгилин көздөй жылып барабы?

- Тарыхчылар 36 жыл деп эсептеп келген. Ошол 36 жылда бир жыл айланып жетет деген. Азыр мына жайды көздөй келе жатат. Жыл өткөн сайын 10 күндөн жылып келет. Мисалы, быйыл 24-сентябрда башталган болсо, кийинки жылы 14-сентябрда болот, анан августта болот. Мына ушинтип жыла берет.
XS
SM
MD
LG