Кыргыз чек арачыларына кол салуу аракети 26-сентябрда Ноокен районундагы Багыш айылында болгон. Шамалдуу Сай чек ара бөлүгүнөн майор Нурбек Асанбаев билдирген маалыматка караганда, бул жакта мыйзамсыз мал жайып жүрүшкөн өзбекстандык 20 адам кыргызстандык үч чек арачынын талабына баш ийбей, аларды таш-кесек, жыгачтар менен ургулашкан, автоматтарын жулуп алууга аракет кылышкан. Малчы өзбектерге дагы он атчан жардамга келип, чек арачыларды качырып киришкен. Чек арачылар эскертип аткан ок бир өзбек жарандын согончогун чырпып кеткен. Бул окуяны аскер прокуратурасы териштирүүгө киришти.