Ушул шейшембидеги маегинде Румыниянын президенти Бухарест өкмөтү үчүн Европа Биримдигине мүчөлүк узак мезгилдүү реформалардын башаты гана экендигин моюнга алды.
Страссбургда Европакомиссия жарыялаган жыйынтыктоочу докладда Румыния менен Болгария план боюнча 2007-жылдын январында Евробиримдикке кошулуу үчүн жетиштүү жылыш жасагандыгы айтылды. Бир эле мезгилде Еврокомиссиянын докладында мыйзамдуулук, ички иштер жана ошондой эле азык-түлүктүн коопсуздугу жана мамлекеттик субсидиялар жаатында кошумча реформалар аягына жеткирилбесе, Евробиримдиктин экономикалык жардамынын басымдуу бөлүгү берилбей тургандыгы эскертилди. Басеску да алдыда дагы көп иштер бар экендигин мындайча белгиледи:
"Румыниянын Евросоюзга кабыл алынышы иштин бүткөнүн билдирбейт. Эгер биз реформаларды жакшы жүрүш менен уланта берсек, Румыниянын иши өйдөлөйт. Бирок эгер бизди кабыл алгандан кийин, иштин баары бүттү деп отуруп калсак, өз ырыскыбызды өзүбүз кыйган болобуз".
Европа комиссиясы айткан санкциялар үч жылдын ичинде салынышы мүмкүн, анын ичинде жаңы мүчөлөр Евробиримдииктин кайсы бир орток программасынан убактылуу чыгарылып, же финансылык жардамдын кайсы бир бөлүгү токтотулат. Мындай шарттар айрымдарды Румыния менен Болгария экинчи сорттогу мүчөлөр болот экен деген жыйынтыкка түрттү. Бирок Басеску буга кошулган жок:
"Евробиримдиктин мүчөлөрүнүн арасында мындай ажырым тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Эгер маселе ушундайынан коюлган болсо, Румыния мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнүн азыркы жолун кабыл алмак эмес".
Евросоюздун айрым өлкөлөрү Румыниядан жумушчулардын келишине чектөө киргизээрин жарыялашкан. Басескунун айтымында, Румыния калган мүчө-мамлекеттерден ишкерлердин жана инвестициялардын келишине бөгөт койбойт.
Румыниянын Евробиримдикке кириши Молдова, Украина, Беларус же Кавказдагы саясий акыбалга кандай таасир тийгизиши мүмкүн? Азаттыктын ушул суроосуна Басеску мындайча жооп кайтарды:
"Румыния мүчө болуп киргенден баштап, Евробримдик Кара деңиз менен чектешип калат. Демек ал аймактын проблемаларын да эске алууга тийиш болот. Ал көйгөйлөр мурдатан белгилүү: бул башы ачылбаган жаңжалдар, адам соодасы, курал, маң зат аткезчилиги, мындай аткезчиликтин барып такалган жери - Европа Союзунун мүчөлөрү, анын ичинде Румыния".
Басеску ошондой эле Румыния Евробиримдикке кошулгандан кийин өлкөнүн Кошмо Штаттары менен ымалаш мамилеси өзгөрбөйт деди жана румын өкмөтү Иракта жана Ооганстанда өз аскерлерин зарыл болгон убакытка чейин калтыраарын бышыктады.