Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

ГУАМ АЗУУСУН КӨРСӨТТҮ


Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына катарлаш ГУАМга – “Демократия жана экономикалык өнүгүү үчүн” уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы саясий мекемелеринин жетекчилери “тоңдурулган жаңжалдар” проблемасын талкуулашты. Грузиянын, Украинанын, Азербайжандын жана Молдавиянын министрлери дүйнөлүк коомчулукка Абхазияга, Түштүк Осетияга,Тоолуу Карабахка жана Трансднестрге байланыштуу чатактарды чечүүнүн жолдорун сунуш кылышты.

Дипломаттар “тоңдурулган жаңжалдар” концепциясы кээде өтө эле абстрактуу түшүнүктөй угулат дешет. Деген менен он беш жылдан бери же ары, же бери болбой, Молдавияда, Грузияда жана Азербайжанда баш-аягы болуп он алты миллиондой калктын кыжаалат-кыжыңына айланган бул жаңжалдар регионалдык, атүгүл дүйнөлүк коопсуздуктун проблемасы болуп калды. Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы маселени күн тартибине киргизип, 6-ноябрда аны талкууга салганы жатат. ГУАМдын өлкөлөрү талкууга атайын камылга менен келерин Азербайжандын тышкы иштер министри Элмар Маммадияров ырастады. ГУАМ аймагындагы жаңжалдар проблемасы Башкы ассамблеянын күн тартибине өзүнчө пункт болуп киргени, бакулук министрдин баасында, чечилбеген чатактардын кооптуулугун эл аралык деңгээлде түшүнүүнү артырат.

Украин министри Борис Тарасюк создуккан чыр-чатактар региондогу бейпилдикти жана коопсуздукту бүлүнтүп, экономикалык өнүгүүнү ооздуктап жатканын белгиледи. Буга кошумчалап ал бу жаңжалдар региондогу толук масштабдуу демократиялык өзгөрүүлөргө каскак болуп жаткан эң башкы себептердин бири экенин да көрсөттү.

Грузия эки бирдей жаңжалга – Абхазия менен Түштүк Осетияга байланыштуу Башкы ассамблеядагы талкууларга чоң үмүт артып жатат. Түштүк осетиялыктар болсо ноябрда референдум өткөрүп, көз карандысыздык үчүн добуш беришмекчи. Башкы ассамблеяда 22-сентябрда сүйлөгөн сөзүндө грузин президенти Михаил Саакашвили эл аралык уюмдар жаңжалдарды чечүүдө эки тарапка тең кол сунууга тийиш деп белгиледи. Мындай чаралардын арасында Абхазия менен Түштүк Осетияны куралсыз аймакка айлантуу демилгеси болууга тийиш, муну Улуттар Уюму,ОБСЕ, Евросоюз, эл аралык башка уюмдар колдошу керек. Бул жерде араздашкан тараптар, атап айтканда, борбордук грузин өкмөтү менен сепаратисттик бийликтер ортосунда тикелей сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл, бейпилдикти калыбына келтирүү үчүн жоопкерчиликти алар өз мойнуна алгыдай болушу керек, деп эсептейт Саакашвили.

ГУАМдын бул аракеттерин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “пропагандалык кадам” деп баалады. Башкы ассамблеядагы талкуулардан натыйжа чыгарына Лавров ишенбейт.

XS
SM
MD
LG