Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Көл жээгинде санитардык абал аябай начар


Быйыл Ысыккөлгө миллионго чукул эс алуучу келип киреше жакшы болду делгени менен, адистердин айтуусунда, көл суусу булганып, даараткана маселеси курч боюнча турат. Атүгүл жел болгондо көлдөн заар жыт келип атканын белгилеген Тамчы айылынын тургуну бул көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошуу үчүн болгон аракетине айрым органдар бут тосконун маалымдады.

Ысыккөл райондук депутаттардын сессиясында акимчиликтин кызматкери билдиргендей, 114 эс алуу жайдын 86сы гана иштөөгө уруксат алган. Адистер болсо эс алуу жайлардын дээрлигинде суу тазалоо системасы талаптагыдай эмес экенин сезон башталарда эле эскерткен болчу. Июль айынын бешине чейин туристтер келбей жатканда көлдүктөр өткөн жылдагыдай чыгаша болбойлу деп даярданбай отурганда күндүн ысыгынан эс алуучулар массалык түрдө агыла баштаган. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргысы келбеген эл бирин-бири көрүп, даярдыгы жогу деле туристтерди кабыл ала баштаганда жергиликтүү бийлик жашоодон каржалып тургандарды быйыл жөн коелу дешкен.

Көлгө келген 800 миң эс алуучунун таштандысын жыйноого буямасы жетпей, санитардык абал начар болгондугун ошол эле эл да, жетекчилик дагы бүгүн мойнуна алып отурушат. Мисалы, суусу тунук деп эсептелген Тамчы айылынын пляжында даараткана жокко эсе болгондугун эс алуучулар белгилешкен.

- Даараткана маселеси кыйын, эшиктери сынык. Мал көлдүн жээгинде жүрөт,ошондой болбой көл жээги таза кармалса жакшы болмок, - мына ушундай нааразылыктарын айтышкан эле эс алуучулар.

Тамчы айылынын 500 метрдей пляжына 15 миңдей эс алуучу келгендиги айтылат. Бирок алар үчүн бир эле биодаараткана байкадык, калган үч-төртөөнүкү жерге сиңип атканына күбө болдук. Чолпонатадагы биостанция директору Азат Коңурбаев бул аймактагы мындай дааратканалардан жерге сарыккан суулар топурак кыртыш аркылуу көлдүн түбүнө агып атканын айтканы бар. Ал эми туристтер менен эл аралык стандартта иш алып баруу боюнча Тамчы айылынын координатору Кудайберген Күрөңов кеч курун жел болгондо көлдөн жагымсыз жыт уруп атканын белгилейт:"Биз жээкте жашайбыз. Эртели-кеч эшике чыксак, көлдөн жагымсыз жыттар келет. Келип кетип аткан эсалуучулардын жана көл жээгинде жүргөн малдардын заңдарынын кесепетинен ушундай болуп атат".

Көл жээкке 100 метрдей жашаган Кудайберген Күрөңов 2004-жылы эле жээкке биодаараткана орнотуу боюнча долбоор жазып, АРИСтен утуп алгандан кийин айыл өкмөтү токтом чыгарып берген. Бирок ага райондук тиешелүү мекемелер бут тосуп келгендиктен эки жылдан бери ишке киргизе албай турат.

"Даараткана боюнча өзгөчө архитектура маани бербей атат. Бул анчалык деле мааниси жок курулуш дегендей кылып атышат. Биздин долбоор боюнча райондук органдар өздөрүнүн үлүшү катары жардам бериш керек болчу. Алар жардам бермек турсун кайра долбоордо да каралбаган суммадагы акчаларды сурашты. Ушул эле долбоорду чийип, эки орунттуу даараткананы бүтүрүп бериш үчүн 27 миң сом сурашты",- дейт Кудайберген Күрөңов.

Чолпоната шаарындагы дааратканадан чыккан таштандыларды топтоо үчүн курулган жай дагы эбак эле толуп, мөөнөтүнөн 10 жыл өтүп кеткенин белгилеген райондук санитардык башкы дарыгер Малик Мамбетов көл суусу менен жер кыртышын лабораториялык текшерүү таза чыкканына тобокел салып турат. Ал эми экологиялык борбордун жетекчиси бул өтө кооптуу экенин чечмеледи:

"Бул жөнүндө теледен эч качан көргөзбөйт. Бул өзүнчө кичинекей экологиялык катастрофа. Жүрүп-жүрүп отуруп жугуштуу оорулардын ордосуна айланат. Анткени жаман нерсенин баары Долинканын үстүнөн агып турап. Муну кичине ремонт кылып, орду-ордуна келтириш үчүн эле 60 млн. сом керек бери жагы эле. Азыр андай акча жок да," - деди Карытбек Миңбаев.

Облустун губернатору дагы бул маселе курч боюнча тургандыгын мойнуна алып, ага каражат бөлүнөрүн айтты:"Биринчиден, бүгүн эс алуудан түшкөн акчанын 1 жарым миллионун биз Чолпонатага бөлүп берип атабыз. Чолпонатанын коммуналдык службасын чыңдоого, ошолордун тетиктерин оңдоо үчүн бөлүп бердик", - деди экологиялык өтмөктөн түшкөн акчанын 50 пайызын мурдагыдай облуска бербей, быйыл максаттуу жумшаларын убада кылган Эсенгул Өмүралиев.

XS
SM
MD
LG