Жалалабатта жер басып алган жарандар 28-сентябрда жыйын куруп, өздөрүнүн камакта жаткан жетекчисин коргоо үчүн жаңы адвокат шайлашты. Алардын жетекчиси Манас Бектемиров 13-сентябрдан бери камакта жатат. Бул адам баштаган үч миңден ашуун жергиликтүү тургундар жайында депутат Кадыржан Батыровго, "Темир таш" акционердик коомуна жана канаттуулар фабрикасына караштуу жерлерди басып алышкан болчу. Алардын аракетин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мыйзамсыз деп билдирип келатат. Жакында Жалалабат шаардык соту «Темир-таш» ишканасынын имаратын ээлеген 95 адамды чыгарууга чечим чыгарганы белгилүү болду.