Баткен облустук ички ишкер башкармалыгынын жетекчиси Эркин Эсеналиев маалымдагандай, Кыргызстанга тиешелүү Карабак айыл өкмөтүнүн Достук айылынын жанындагы авто жолдо 27-сентябрда кечки саат тогуздар чамасында тажикистандык үч жаранга ок атылып, экөө жаракат алган. Эсеналиевдин айтымына, эки тараптын укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзгөндө тажикистандык атуулдардын ич ара араздашуусу экендиги аныкталган.