Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:04

ОШ: КАМАКТАГЫЛАРДЫ УРУП САБАГАН АДАТ КАЧАН КАЛАТ?

Кубанычбек Жолдошев, Ош Түштүк аймагындагы ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоо жайларында күнөөнү моюнга алдыруу үчүн уруп-сабоо усулдары колдонулат. Мындан сырткары ал жайларда кармалып турган адамдар үчүн элементардык шарттар да түзүлгөн эмес. Бул тууралуу тынчсыздануусун билдирген жергиликтүү укук коргоочулар ички иштер органдарынын кызматкерлери менен болгон бет маңдай жолугушууда маселени кабыргасынан койушту.

Жергиликтүү укук коргоочулар менен ички иштер органдарынын өкүлдөрүнүн талкуусу адегенде эле ачуу талаш-тартыш менен башталды.

Акыйкатчынын Түштүк аймагы боюнча өкүлү Талипбек Нуралиев Ош шаарындагы жана Караcуу районундагы ички иштер органдарынын убактылуу кармоо жайларын текшерүү учурунда дагы деле кармалган адамдарга айып койуу үчүн күч колдонгон усулдар көп орун алып жаткандыгын айтуу менен бир катар мисалдарды келтирди: ” Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайын текшерүү учурунда, убактылуу кармалган Каримбердиев Жусубали деген жигит УВДнын тергөөчүсү Райымбердиев мени уруп-согуп, зордуктап көргөзмө алам деп аракет кылды деген арыз менен кайрылды. Шаардык ооруканадан киши келип көгөргөн жерлерин көрүп, аныктап кетти.” -

Оштогу убактылуу кармоо жайынын башчысы Абдыганы Акжолов жогоруда айтылгандарды негизсиз деп таап кармалган адамдардан далил көрсөтмөлөрдү алуу үчүн мыйзамсыз аракеттер колдонулбастыгына кепилдик береерин айтып өттү: « Ыңкылаптан кийин жакшы колго алынды. Мурдагыга караганда шарттары жакшы болуп калды. Ремонт болду, душ иштеп атат, эки “Аристон” бар. Жертөлөдө андай кыйноолор болбойт, себеби күнүгө адвокаттар, Кызыл чырымдан адамдар келет, акыйкатчы Бакир уулу өзү да келген”.

Ошол эле учурда укук коргоочулардын айрымдары убактылуу кармоо жайларында адамдардын көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча жана бир канча тыгын абалда олтурушкан учурларын айтышты. Мындан сырткары алар убактылуу кармалган адамдардын тамак-ашына мыйзамда көрсөтүлгөндөн бир кыйла аз акча каражаты бөлүнүп жаткандыгына токтолушту.

- Мисалы, Карасуу районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайында норма боюнча 31 киши болсо, ал жерде 66 киши отурат. Норма боюнча бир кишиге 40 сом каралыш керек. Ал эми Ош облусунда ар бир убактылуу кармалганга 30 сомго да жетпейт, - деди «Сулайман Нуру» укук коргоо уюмунун жетекчиси Садыкжан Махмудов.

Жолугушуунун аягында укук коргоочулар менен ички иштер органдарынын убактылуу кармоо жайларындагы абалды жакшыртуу боюнча макулдашуулары иштелип чыгып, ага эл аралык уюмдардан биргеликте жардам суроо маселеси бекитилди.
Куржундар
XS
SM
MD
LG