Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

КОСОВОНУН КЕЛЕЧЕГИ ТУМАНДУУ


Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннандын Косоводогу атайын өкүлү Марти Ахтисаари октябрдын этегинде же ноябрдын башталышында провинциянын статусу боюнча өз сунушун айтууга тийиш. Өткөн аптанын соңунда Ахтисаари бул маселеде сүйлөшүүлөр кандай жүрүп жатканы тууралуу Коопсуздук кеңешине маалымат берген эле. Анын алдында, 20-сентябрда байланыш тобуна кирген алты өлкөнүн тышкы иштер министрлери да биргелешкен билдирүүсүндө Косовонун статусун аныктоо процессин эмдиги жылга калтырбай аяктоо зарылдыгын белгилешти.

Улуттар Уюмунун баш кеңсесинде өткөргөн маалымат жыйынында Марти Ахтисаари Косового көз карандысыздык берилсе эл аралык планда кооптуу өнөгө түзүлөт деген пикирге кошулган жок. Финляндиянын мурдагы президенти минтип ой жоруп отурганда эч кандай проблема чечилбей турганын, Косовонун маселеси өзгөчөлүү иш экенин айтып, анын Балкандагы жана Кавказдагы башка жаңжалдардан айрымасын белгиледи.

Ахтисааринин бул сөздөрүн Косовонун өкмөтү провинциянын статусун аныктоодо Коопсуздук кеңешинде бир жаңсыл чечимге ыктаган ыкылас байкалганына жоруду.Серб өкмөтү болсо Ахтисаарини албан сепаратисттерине кошулуп кетти деп айыптап, аны сүйлөшүүлөр процессинен чыкканга чакырды.

Бирок Ахтисаари эл аралык коомчулукка Косовонун статусуна байланыштуу кандай вариант сунуш кылары азырынча так эмес. Алты өлкөнүн – АКШ,Британия,Германия, Италия, Россия жана Франция - өкүлдөрү кирген эл аралык байланыш тобунун билдирүүсүндө Ахтисаариге провинциянын статусун аныктоо боюнча кеңири өңүттөгү сунуштарды даярдоо жана анын негизинде сүйлөшүүлөр процессин илгерилетүү зарылдыгы тапшырылганы айтылат.

Быйыл жайдагы сүйлөшүүлөр косоволуктар менен сербиялыктардын позицияларында эч кандай жылыштар жоктугун көрсөттү. Провинциянын премьери Агим Чеку өткөн аптада Нью-Йорктогу сөзүндө “проблеманы чечүүнүн бирден-бир жолу Косовонун көз карандысыздыгында“ жатканын айтып, муну дүйнөдө улам барган сайын көп өлкөлөр түшүнө баштады деп билдирди. Сербиянын лидерлери болсо буга караманча каршы. Өлкөнүн премьер-министри Воислав Коштуница кокус Ахтисаари провинциянын көз карандысыздыгын сунуш кыла турган болсо, буга Коопсуздук кеңешинде Россия вето салат деп ишенет. Сербиядагы коомдук пикирде да ушундай үмүт басымдуулук кылат.

Россиялык жетекчилер, анын ичинде тышкы иштер министри Сергей Лавров Косовонун көз карандысыз статусу Кавказдагы жана Днестрдеги жаңжалдар үчүн да өнөгө болуп кетиши ыктымал дешет. Эгер Косовонун Сербиядан бөлүнгөнгө укугу болсо,эмне үчүн анда Трансднестр буга укуксуз болот?

Байкоочулар буга байланыштуу бир жагдайды эске салышат. 1974-жылдагы эски Югославиянын конституциясында Косово башка бардык федералдык алты республика сыяктуу эле укуктарга ээ болгон. Алты республиканын баары азыр эгемен. Ал эми Трансднестр кылаасы мурда мындай укукка ээ болгон эмес. Ушул себептен улам бул жердеги референдумдун натыйжасын Евросоюз,АКШ жана башка эл аралык уюмдар тааныган жок. Бирок Косово проблемасында Россия акыры барып кандай позицияны карманат, бу да көп жагынан тумандуу.

XS
SM
MD
LG