Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:39

ЖАЛАЛАБАТ: КЫРГЫЗ ЖООКЕРИ ӨЗБЕКСТАНГА АДАШЫП ӨТҮП КЕТКЕН


28-сентябрда Шамалдуусай чек ара бөлүгүнө караштуу Карадарыя чек ара бекетинин жоокери Алтынбек Токтоматов өз куралы менен Өзбекстанга адашып өтүп кеткен. Коңшу өлкөнүн чек ара комитетинин маалымат кызматынын билдиришинче, ал өзбекстандык жарандан акча же бир бөтөлкө арак талап кылган жана автоматты асманга атып, жанындагыларды коркутканда кармалган. Жалалабат облбийлигинин бөлүм башчысы чекарачы 28-сентябрда кечки саат беште Кыргызстанга өткөрүп алынаарын билдирди. Эмне үчүн кыргыз-өзбек чек арасында соңку күндөрдө чырлуу окуялар улантылып жатат?

Өзбекстандын мамлекеттик чек ара комитетинин маалымат кызматы кабарлагандай, окуя бейшемби түнү саат экилерде Пахтабат районундагы «Уйгур» аттуу чек ара бекетинде болгон. Облустагы «Карадарыя» чек ара бекетинин жоокери коңшу өлкөгө караштуу «Бараш» аттуу милиция бекетинде өзбекстандык жарандан акча же бир бөтөлкө арак талап кылган. Өзбек милициясы жоокер кармаган жердешин бошотууга аракет кылган. Ташкендеги «Пресс-уз» аттуу маалымат агенттигинин жазышынча Тухматов «бардыгыңарды атып салам» деп кыйкырып, асманга эки ирет ок чыгарган. Милиция анын куралын тартып алып, кармагандан кийин Пахтабат райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирген.

Жалалабат шаарынын тургуну Замира Эшанованын ою боюнча чек арадагы мындай кокустук жоокерлер курал кармоонун, чек арада өзүн алып жүрүүнүн тартиби дурустап үйрөтүлбөгөндүктөн болуусу ыктымал:"Тез-тез кабар алып туруш керек. Ошол баланын мас болуп жүргөнүн эч кимиси билбейт? Буларга курал да берип койгон. Мас болгон адам башкаларды атып салышы мүмкүн. Аны милиционерлер кармап туура кылган".

Эки өлкөнүн чек арасына эч кандай белгилер коюлган эмес. Чек араны тактоо боюнча өлкөлөр аралык паритеттик комиссиялар буга дейре миң чакырымдан ашык чек ара сызыгын аныкташкан. Ортодо али тактоону талап кылган жайлар көп болгондуктан жолдон же чек арадан адашкан адамдар аз эмес. Аксыда өткөн 8-элдик курултайга Ысыккөл районунан келген Акыл Акунов чек ара көйгөйү тууралу минтип айткан:"Эмне үчүн ушул убака чейин чегара маселеси чечилбейт? Эмне үчүн ушул жердеги эл кыйналып, тоодон тоого секирип жүрөт?"

Советтер биримдиги маалында эки өлкөнүн ортосунда чек ара болгон эмес, арык-дарыя, курулуштар, турак-жайлар аралаш курула берген. Губернатордун орунбасары Жаныш Курбановдун белгилешинче үй-жайлардын аралаш жайгашканы чек араны тактоо маселесине кыйынчылык туудурууда:"Эгер тамы Кыргызстанда боло турган болсо, атканасы Өзбекстанга кирип калган, же айылда бир арык эле чегара болуп эсептелинип калган. Бул жерден байкоосуздан деле өтүп кетиши мүмкүн."

Чек аранын такталбагандыгынан коңшу эл бири-бирине каттаарда бажы жана чек ара кызматынын айрым адистеринен ыдык тартып калган учурлары аз эмес. Жалалабат шаар тургуну Жолдошбек Осмоновдун пикири боюнча чек ара сүйлөшүүлөрү эртерек жыйынтыкталып, же виза тартиби жөнгө салынса, эки тарапка тең жеңил болмок: "Өзбекстанда чегаралаш райондор көп. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы сүйлөшүүлөргө кыргыздар тараптан аракет жасалганы менен, Өзбекстан тараптан эч кандай иш жүрбөй жатат".

Облбийликтин укук коргоо бөлүмүнүн башчысы Кадыр Бечеловдун ырасташынча Өзбекстанга өтүп кеткен жоокердин аты Алтынбек Токтоматов болуп чыкты. Аны Кыргызстанга кайтарып алуу үчүн Пахтабат районуна Түштүк чек ара кызматынын офицери жиберилип, жоокер 28-сентябрь кечки саат беште өткөрүлүп алынмак болду. Кадыр Бечеловдун айтымында, Алтынбек Токтоматов түндө адашып өтүп кеткен. Анын мас экени, автомат атып, өзбекстандыктарды коркутканы же акча талап кылганы ал Жалалабатка келгенде териштирилет.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG