Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

«МАТРЕШКА» ИЛИКТЕНИП ЖАТЫРЫ, ЖЫЙЫНТЫГЫ БЕЛГИСИЗ


Парламенттик иликтөөнүн алдын-ала жыйынтыктарын эсепке албаганда, азырынча «Матрешка» чатагына укуктук баа бериле элек. Башкы прокуратура тарабынан ачылган кылмыш ишин иликтөө улантылууда. Депутаттык комиссия да өз ишин токтото элек. Мындан тышкары мамлекеттик комиссия түзүлгөн.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаевге каршы жасалган чагымчылык бийлик тарабынан уюштурулгандыгын «матрешка» чатагын талкуулаган парламенттик жыйында Азимбек Бекназаровдун белгилеген жайы бар:"Мен ойлойт элем, баары бир ким уюштурса да бүгүнкү бийлик күнөөлүү."

Айтылгандай эле «матрешка» чатагы буга чейин козголуп, бирок да чечилбей келаткан биртоп проблемаларды ээрчите чыкты. Парламент К.Бакиев – Ф.Кулов мунасасына каршы экенин билдирди, жаңы өкмөт түзүү сунушун айтты, президенттин жакын адамдарынын жооптуу кызматтарда отурушу ылайыксыз экенин ырастады. Биртоп кызмат адамдарын иштен бошотуу талабын койду.

Парламент мүчөлөрү «матрешка» чатагын иликтөөчү депутаттык комиссияга кошумча милдеттерди жүктөдү. Комиссия мүчөсү Мелис Эшимкановдун ырасташынча, ушу тапта эларалык мекемелерге расмий кайрылуу жөнөтүлдү:"Франциянын Лион шаарында Интерполдун штаб-квартирасы бар экен. Ошол жакка кайрылдык. Мына ушул Астананын тоңмоюндугуна таасир этип бергиле деп. Астананын өзүнө экинчи катты жөнөттүк. Үчүнчү катты Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге жөнөттүк".

Жөнөтүлгөн өтүнүч каттардын жообун күтүп жатышканын комиссия мүчөсү депутат Болот Шерниязов да ырастады:"Эми ал жагынан андан башка да көп суроолорду парламент койбодубу. Ошол эле Б.Березовский боюнча, буюртма киши өлтүрүү боюнча, башкалар боюнча".

Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү «матрешка» чатагына тиешеси бар деп шектелинип жаткан атуулдарды суракка алып, козголгон кылмыш иши мыйзам чегинде улантылып жатканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Токтогул Какчекеев билдирди:"Биздин мамлекеттин жүзүнө кара тамга салган ишти кадимкидей мыйзам чегинде козгоп, ушу тапта сурак жүргүзүп жатышат. Бул сурак аягына чыгышы керек жана да чыгат. Анткени тергөөчүлөрдүн арасында мыкты, тажрыйбалуу тергөөчүлөр бар".

Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров жетектеген комиссия да ишин улантууда. Анткен менен айрым байкоочулардын пикиринде коопсуздук кызматынын колу малынып калган бул иштин тактыгына жетиш оголе көп күчтү, саясий эркти талап кылчу жумуш. Мелис Эшимкановдун маалымдашынча, айрым күбөлөр депутаттык комиссия алдында берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартууда:"Депутаттык комиссия алдында күбө өткөндөрдүн айрымдарын коркутуп жатышкан окшойт. Алар бизге «кайтаруубузду алып салгыла, бизге жолобогула» деп кат түрүндө кайрылып жатышат".

Эларалык «Манас» абамайданынын жетекчи орунбасары Надыр Мамыров чатакка тиешеси жоктугун такай айтып келет:"Ошол жерде комиссиялар өздөрү деле көрбөдүбү. Кайсы бир 12 – 13 – 14 мүнөттө ушундай болду деп жатат".

Кечээ президент К.Бакиев элге кайрылуусунда өлкөдөгү абалга баа берди, бирок да ал «Матрешка» чатагына байланыштуу окуяларга токтолгон жок.

XS
SM
MD
LG