Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

ООГАНСТАНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК АСКЕРЛЕР ТОЛУГУ МЕНЕН НАТОнун КАРАМАГЫНА ӨТӨТ


Нарын АЙЫП, Прага 28-сентябрда Словенияда НАТО уюмуна кирген мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйыны болуп өттү жана ага катышкандар Ооган маселесин талкуулап, бир топ орчундуу чечим кабыл алды.

Эң негизги чечим - өлкөдөгү абалды калыбына келтирүү аракеттерин көрүп жаткан Ооганстандагы бардык чет өлкөлүк аскерлер НАТО уюмунун башкаруучулугу астына өтмөй болду жана алар эми өлкөнүн бүткүл аймагы үчүн жооптуу болот. Бул аракет келерки бир нече аптада ишке ашырылууга тийиш.

Жыйынга катышкан НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер ал тууралуу минтип билдирди: "Ооганстандагы эл аралык аскерлерди өлкөнүн чыгыш аймактарына чейин жайгаштыруу чечими кабыл алынды, бул биздин аракеттердин төртүнчү баскычы болот. Өлкөдөгү 12 миң америкалык аскер дагы эми НАТОнун башкаруучулугу астына өтөт. Менин оюмча, бул өтө орчундуу чечим", - деди баш катчы жолугушуудан кийин.

Словениянын Порторож шаарында өткөн жыйында эл аралык аскерлердин санын дагы эки жарым миңге көбөйтүү чечими кабыл алынды жана америкалык 12 миң аскерди кошкондо, НАТОго баш ийген күчтөр курамына 32 миң адам кирет. Андан тышкары ооган өкмөтүнүн да 25 миңге жакын аскери бар.

Америкалык аскерлер Ооганстанга 2001-жылдын октябрында киргизилген, анткени АКШга каршы 11-сентябрда ири террордук чабуулдар жасалгандан кийин Ооганстанды ал кезде бийлеген Талибан кыймылына кайрылып, Вашингтон - Усама бин Ладенди кармап берүүнү талап кылган. Талибдер аны четке каккандан кийин, 7-октябрда аларга каршы согуш башталган жана Талибан бийликтен кулатылган.

Бирок 2003-жылдын мартында Вашингтон Иракка каршы дагы согуш баштагандан соң, Ооганстандагы америкалык аскерлердин саны акырындап кыскартыла баштаган жана өлкөдөгү аскерий абал үчүн жоопкерчиликти өзүнө НАТО уюму алууга киришти.

Акыркы мезгилде Ооганстандагы абал тууралуу көп сын айтылууда, анткени талибдер кайрадан баш көтөргөндүктөн, куралдуу кагылышуулар көбөйүп, эл аралык аскерлер менен карапайым калк арасындагы чыгыша да бир топ болуп жатат. Ооган жана Пакистан президенттери - талибдерге жана деги эле террорчулукка каршы жетиштүү аракет көрбөй жатат деп бир-бирин күнөөлөгөнгө чейин барды.

Ооганстандагы согушту аягына чыгара электе Иракка каршы согуш ачканы үчүн Вашингтон да АКШнын өзүндө жана сырттан дагы сынга алынып жатат. Америкалык маалымат каражаттарында - Ирак согушу жалпы дүйнөдөгү коопсуздукка таасир тийгизип, террорчулуктун күчөшүнө алып келди деген пикирлер дагы айтылууда.

Советтик аскерлер арасында бир кезде Ооганстанда согушкан генерал Руслан Аушевдин пикиринде, Ооганстандагы абал начарлап баратат жана ошол себептен АКШ ал үчүн болгон жоопкерчиктен азыр качууда. Анын айтымында, советтик аскерлердин Ооганстандагы саны жүз миңге жеткен жана өкмөттүк аскерлердин саны дагы жүз миңдин тегерегинде болчу, ошондуктан азыркы 32 миң чет өлкөлүк аскер Ооганстандагы копсуздукту камсыз кылууда бир топ кыйынчылыкка дуушар болот.

XS
SM
MD
LG